Кыргызстандык кооператив Японияга ашкабак үрөнүн экспорттоону жолго койду

19.06.2026 | 15:48
Кыргызстандык кооператив Японияга ашкабак үрөнүн экспорттоону жолго койду — Новости Кыргызстана

Таластагы ата мекендик «KVS» айыл чарба кооперативи Япониянын талабы катуу рыногуна ашкабак үрөнүн үзгүлтүксүз экспорттоону ийгиликтүү жолго койду. Экспортко багытталган бул келечектүү ишкананын өнүгүү жүрүшү менен аймакка болгон жумушчу сапарынын алкагында айыл чарба министринин орун басары Рустам Балтабаев таанышып чыкты.

Ишкана жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүнө жана калдыксыз өндүрүшкө адистешкен. Үрөнү алынгандан кийин, ашкабактын калган эти шорпого жана порошок түрүндөгү продукцияга кайра иштетилет, бул болсо жогорку кошумча наркты жаратат. Даяр экологиялык таза азыктар Бишкекке жеткирилип, «Бир айыл — бир продукт» (БАБП) адистештирилген дүкөндөр тармагы аркылуу сатылууда.

Өндүрүштүк кубаттуулукту андан ары кеңейтүү үчүн кооператив чет элдик инвесторлорду жана технологиялык өнөктөштөрдү тартууну пландаштырууда. Рустам Балтабаев мындай ишканалардын иши КР Президентинин 2030-жылга чейин ата мекендик продукциянын экспортунун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү боюнча жарлыгын аткарууга түздөн-түз өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Scroll to Top