Бишкектин адабий пантеону: шаардын постаменттериндеги манасчылар, акындар жана жазуучулар

Reporter.kg кыргыз борборунун мемориалдык картасынын үчүнчү бөлүгүн жарыялайт. Буга чейин биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген инсандардын жана өлкө баатырларынын эстеликтери, ошондой эле Бишкектин жоголгон символ-эстеликтери тууралуу айтып бергенбиз. Баяныбыздын бул бөлүгү өз чыгармалары менен элди колдоп, агартып, аларга үмүттөнүүгө, ишенүүгө, өзүн өнүктүрүүгө жана жашоо менен анын баалуулуктары тууралуу ойлонууга түрткү берген инсандарга: кыргыздын манасчыларына, акындарына жана жазуучуларына арналат.
Элдин үнү, каршылык билдирүүнүн үнү
Борбор калаадагы Илимдер академиясынын жанында 2003-жылдан бери ырчы, төкмө акын жана кыргыз жазма адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири Калык Акиевдин эстелиги турат. Ал таланттуу автор жана аткаруучу гана болбостон, элдик чыгармачылыкты жыйнаган инсан болгон. Совет мезгилинде бир катар эл жомоктору, «Курманбек» жана «Жаныш-Байыш» эпосторунун варианттары Акиевдин айтуусунан жазылып алынып, басылып чыккан. Постаментте Акиевдин колуна комуз кармап, көңүл эргитип турган элеси чагылдырылган.

Опера жана балет театрынын жанындагы фонтандары бар чакан гүлбактын дал ортосунда кыргыз жазма адабиятынын башатында турган дагы бир атактуу акын-демократ Токтогул Сатылгановдун эстелиги жайгашкан. Ал бала кезинен комузда мыкты ойноп, төкмө жана акындардын ортосундагы айтыштын чебери болгон. Бирок ага башка чыгармачылыгы: байлар, чиновниктер жана бийлер тууралуу сатиралык жана сынчыл ойлору, эл арасында кеңири тараган жана абдан популярдуу болгон элдин оор турмушу жөнүндөгү ырлары чоң атак алып келген. Октябрь революциясына чейинки Орто Азиядагы коомдук түзүлүштү кескин сындаган социалдык лирикасы Токтогулду көп жылдар бою туулуп өскөн жеринен алыста болууга мажбур кылган. Акын кийин мекенине кайтып келип, ондогон чыгармаларды жараткан. Алар ар кайсы тилдерге которулган, ал эми сузыкалык чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин композиторлор тарабынан колдонуп келе жатат. Архитектор Аскар Исаев жана скульптор Гапар Айтиев 1974-жылы Токтогулдун элесин колодон жасап түбөлүккө калтырышкан. Акиевге окшоп, ал дагы колуна комуз кармап турган абалда чагылдырылган. Эстелик акындын өз чыгармаларында көп айткан кыргыз элинин оор тагдыры тууралуу ойлорун чагылдырып тургандай сезилет.

Борбордун дагы бир гүлбагында 1963-жылдан бери Тоголок Молдонун — кыргыз маданий мурасын басма түрүндө сактап калууга жардам берген акындын жана агартуучунун эстелиги турат. «Тоголок Молдо» — бул акындын дене түзүлүшү абдан чымыр болгондугу үчүн алган каймана аты. Анын үстүнө ал өз заманынын билимдүү инсандарынан болгон, жаза жана окуй билген, Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абайдын чыгармалары менен тааныш болгон. Ошондуктан «молдо» — «сабаттуу, билимдүү адам» деген мааниде кошулган. Акындын өз аты Байымбет Абдрахманов, бирок анын бул ысымы сейрек эскерилет, ал эми каймана аты тарыхта калды.

Тоголок Молдо кыргыз тилиндеги биринчи тамсилчи болгон, бийликтин жана коомдун кемчиликтерин ашкерелеген сатиралык ырларды жазган. Тоголок Молдо өзүнүн чыгармачылыгы жана курч сөздөрү үчүн бир канча убакытка Токтогул Сатылганов сыяктуу туулуп өскөн жерин таштап кетүүгө мажбур болгон, бирок сөз менен иштөөнү токтоткон эмес. Совет бийлиги келгенден кийин акын мекенине кайтып келип, кыргыз элинин жашоосундагы өзгөрүүлөрдү колдогон көптөгөн ырларды жана поэмаларды жараткан, алар көптөгөн тилдерге которулган. Көз караштары жана чыгармачылыгы үчүн ал куугунтуктала берген, басмачылар анын үйүн талап-тоноп, бир жолу жубайын да уурдап кетишкен. Бирок акын жаңы чыгармаларды жаратууну уланткан. Мындан тышкары, Тоголок Молдо кыргыздардын этнографиясы, тарыхы жана фольклору боюнча макал-лакаптардан тартып уламыштарга жана «Курманбек», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза» эпосторунун варианттарына чейинки эбегейсиз көп баалуу материалдарды чогултуп, Кыргыз ССР Агартуу эл комиссариатынын алдындагы Илимий-изилдөө институтунун фондуна тапшырган. Эстелик фотосүрөттөр, сүрөттөр же адабий сыпаттамалар боюнча эмес, тирүү адамдын өзүн карап жасалгандыгы менен уникалдуу. Скульптор Ольга Мануйлова акын менен жеке жолугушуу учурунда анын портретин жасаган.
2010-жылы Тоголок Молдо гүлбагында Акындар аллеясы пайда болгон, анын башында акын Осмонкул Бөлөбалаевдин эстелиги турат. Таланты өспүрүм кезинде эле байкалып, кийин Калык Акиев менен таанышкандан кийин ачылган Бөлөбалаев комузда чебер ойногондон сырткары, төкмө акын жана поэт катары өзүнүн ырларын жана обондорун жараткан. Ал кийинчерээк Кыргыз драма театрына айланган Кыргыз улуттук музыкалык-драмалык студиясында, андан соң көп жылдар бою акын-солист катары өнөр көрсөткөн Кыргыз улуттук филармониясында эмгектенген. Чыгармачылык ишмердүүлүгү менен катар эле Осмонкул Бөлөбалаев акын катары да, поэт катары да ар кандай жанрларда: Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторундагы советтик Кыргызстандын жоокерлеринин баатырдыгы тууралуу патриоттук ырлардан баштап, социалдык жана сүйүү лирикасына чейин жараткан. Бөлөбалаевди кыргыз жазма поэзиясын негиздөөчүлөрдүн бири деп эсептешет. Ошондой эле анын аркасы менен көптөгөн элдик ырлардын, поэмалардын, ыр саптарынын жана жомоктордун тексттери сакталып жана жазылып калган.

«Манастын» миңдеген саптары жана элдик эс тутум
Филармониянын жанында фонтандар жана Манастын, анын жубайы Каныкейдин жана акылман кеңешчиси Бакайдын айкелинин жанында кыргыз элинин башкы баалуулугун сактаган манасчыларга арналган бүтүндөй бир скульптуралык ансамбль жайгашкан. Алардын эң атактуусу — «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» трилогиясынын толугу менен жазылып калышына жардам берген «Жыйырмасынчы кылымдын Гомери» аталган Саякбай Каралаевдин эстелиги.

Саякбай эпосту бир нече саат бою тынымсыз айта алган жана ал бул жөндөмгө жогору жактан ээ болгонун айткан. Түшүндө Каныкей менен Бакай келип, ага батасын берип, манасчылыкка дайындашкан. Каралаевдин айтуусундагы «Манас» эпосунун варианты дүйнөдөгү бар болгон жана жазылып алынган варианттардын ичинен эң толук жана эң көлөмдүүсү деп таанылган, анда жарым миллиондон ашык сап бар. Аны жазып алуу үчүн окумуштуулар көп жылдарды короткон. Манасчы эпостун Манастын урпактары: Кенен, Алымсарык жана Кулансарык жөнүндөгү аз белгилүү бөлүктөрүн чогултууга жардам берген. Ал өзүнүн жомокторунун, ырларынын, поэмаларынын, аңгемелеринин автору да болгон. Каралаев пенсияга чыкканга чейин жыйырма жылдан ашык Кыргыз мамлекеттик филармониясында штаттык манасчы болуп иштеген жана көптөгөн мамлекеттик жолугушуулардын жана иш-чаралардын ардактуу коногу болгон.
Ал эми Каралаевдин эстелигинин оң жагында Кытайдан чыккан залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамай турат. Каралаевге окшоп, ал дагы түшүндө эпостун каармандарын көргөнүн, алар ага манас айтууга уруксат жана бата бергенин айткан. Жусуп Мамай окумуштууларга Манастын урпактарынын беш муунунун: «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек» жана «Чигетейдин» өмүр баянын камтыган «Манастын» вариантын жазып алууга жардам берген. Алгач Шинжаңда басылып чыккан эпостун бул версиясы азыр Манастын урпактарынын бардык муундарынын тагдырын сүрөттөгөн эң толук жана кеңири текст болуп эсептелет. Ал 18 томдон жана эки жүз миңден ашык саптан турат.

Жанындагы постаменттерде — өз мектебинде көптөгөн белгилүү манасчыларды окуткан Тыныбек Жапый уулу жана анын жолун жолдоочу Сагымбай Орозбак уулу турат. Сагымбай — кагазга жазылып алынган «Манас» айтуусунун эң көркөм жана толук варианттарынын биринин автору. Найманбай Балык (Балык ооз) уулу — төкмө акын, көптөгөн айтыштардын жеңүүчүсү жана эпостун баалуу үзүндүлөрүнүн бир бөлүгүн сактап калган атактуу манасчы. Найманбайдын варианттарын анын жолун жолдоочулар айтып, жаздырышкан. Ал Октябрь революциясына чейинки мезгилде, эпосту кагазга түшүрүп жана басма түрүндө сактоого аракет кылынбаган учурда көз жумган.



Рифмалар жана сөздөр аркылуу берилген жан дүйнө
Адабий мааниде акындардын жана манасчылардын тикелей мураскерлери катары кыргыз поэттерин кароого болот. Алар руханий мурастарды жазып алууга жана сактоого жардам бербестен, өткөн мезгилдин жаратуучуларынын образдарынан, жанрларынан, стилистикалык ыкмаларынан эргүү алышкан.
Алардын бири — Темиркул Үмөталиев. Ал эмгек, сүйүү, жашоонун кубанычтары жана кайгылары жөнүндөгү ондогон поэмалардын жана ырлардын автору катары гана эмес, кыргыз фронттук лирикасынын автору катары да белгилүү: Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушту башынан өткөргөн. Согуштан кийинки мезгилде Үмөталиев Генрих Гейне жана Алишер Навоинин, Александр Пушкин жана Владимир Маяковскийдин, ошондой эле СССР өлкөлөрүнүн, Европанын жана Чыгыштын башка классикалык авторлорунун чыгармаларын кыргыз тилине которуу менен алектенген. Ал фольклорист да болгон, элдик чыгармачылыкты чогулткан, анын таанылышына жана өнүгүшүнө жетишкен. Дал анын аркасы менен өз учурунда акындар жана манасчылар Жазуучулар союзуна кирүү укугуна ээ болушкан. Бул бирикменин катарын Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев, Саякбай Каралаев, Атай Огонбаев, Касымалы Жантөшев, Алыкул Осмонов толуктаган. Үмөталиевдин эстелиги 1998-жылы орнотулган, анын автору — Дүйшөн Жолчуев.

Ага жакын жерде Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги жайгашкан. Поэт, журналист жана драматург болгону 33 жыл жашаган, бирок көп нерсени жасоого үлгүргөн. Ал биринчи кыргыз операсы «Айчүрөктүн» либреттосунун авторлошу, «Токтогул», «Алтын кыз», «Манас», «Манастын уулу Семетей» драмаларынын автору болгон. Филологдор жана адабият таануучулар ал кыргыз адабий тилин өнүктүрүүгө аракет кылганын жана улуттук журналистиканын жаралышынын башында турганын белгилешет. Бөкөнбаев Михаил Лермонтовдун, Александр Пушкиндин жана Владимир Маяковскийдин ырларын кыргыз тилине которгон, «Манас» эпосу боюнча советтик тасманы жаратууга катышкан, жана иш жүзүндө биринчи кыргыз киносценаристи болгон. Тасманы тартууга даярданып жатканда, Бөкөнбаев автокырсыктан каза болгон. 1947-жылы скульптор Ольга Мануйлова Бөкөнбаевдин колодон жасалган эстелигин тартуулаган. Бирок токсонунчу жылдардын аягында эстеликти белгисиз вандалдар уурдап кетип, металл сыныктарына өткөрүп жиберишкен. Бир нече жылдан кийин бийликтин тапшырмасы менен республиканын скульпторлору Мануйлованын эмгегинин так көчүрмөсүн ордуна кайтарышкан.
Кыргызстандын Улуттук китепканасынын имаратынын алдында — Алыкул Осмоновдун, журналисттин, драматургдун, котормочунун, акындын жана алгачкы кыргыз лирик поэттеринин биринин эстелиги бар. Ал Иван Крыловдун тамсилдерин, Уильям Шекспирдин пьесаларын, Александр Пушкиндин жана Шота Руставелинин ырларын жана поэмаларын кыргыз тилине которгон. Автор катары Осмонов артына үч пьесаны, балдарга арналган чыгармаларды кошкондо бир нече ыр жыйнактарын калтырган. Бирок анын бардык чыгармалары жана котормолору көзү тирүүсүндө жарыяланган эмес, Осмонов 35 жашында өпкөнүн айыккыс илдетинен улам көз жумган. Осмоновдун мурасын ушул күнгө чейин филологдор жана адабият таануучулар изилдеп келишет. Ал эми Осмоновдун кыргыз адабиятына кошкон салымы ушунчалык маанилүү болгондуктан, Улуттук китепканага анын ысымы ыйгарылган.
Көркөм сүрөт искусство музейинин жанында эл акыны, жазуучу, журналист, академик жана улуттук профессионалдык адабиятты негиздөөчүлөрдүн бири болгон Аалы Токомбаевдин эстелиги жайгашкан. Токомбаев поэма жанрын өркүндөтүп, кыргыз адабиятына ыр түрүндөгү роман сыяктуу жанрды биринчилерден болуп киргизген. Анын XX кылымдын башындагы драмалык окуяларды баяндаган ыр түрүндөгү эки бөлүктөн турган «Таң алдында» жана «Кандуу жылдар» тарыхый романы Токтогул атындагы Кыргыз ССРинин республикалык сыйлыгын алган. Ошондой эле Токомбаев кыргыз адабияты үчүн жаңы болгон үгүттөө марштарын, кайрылууларды, сонеттерди, элегияларды, сатираны колдонууга киргизген.

Прозанын титандары
Ала-Тоо аянтында кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун колодон жасалган элесин көрүүгө болот. Ага шаарда үч эстелик орнотулган. Алардын ар бири анын инсандыгынын кайсы бир кырын кыйыр түрдө чагылдырат. Биринчиси, аянттагы эстелик — Айтматовду жазуучу, коомдук жана саясий ишмер катары көрсөтөт. Экинчиси, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жанындагы эстелик — ал академиянын анык мүчөсү жана академиги болгон Айтматовду окумуштуу, философ жана ойчул катары чагылдырат. Үчүнчү эстелик жакында эле 2025-жылы Кыргызстан менен Казакстандын Достук аллеясында пайда болгон, ал элдер ортосундагы ынтымакты жана тынчтыкты жактаган дос жана адам катары Айтматовду чагылдырат. Скульптура эки улуу жазуучунун: Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Ауэзовдун достугуна арналган. Казак жана дүйнөлүк адабияттын классиги Ауэзов Айтматовдон отуз жаш улуу болгон, бирок алар, замандаштарынын эскерүүлөрү боюнча, жакын дос болушкан. Скульптор Тамила Маматованын эмгеги жазуучулардын расмий эмес чөйрөдөгү жолугушууларынын бирин чагылдырат. Баса, Ауэзовго буга чейин Бишкектин борборундагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверде чакан эстелик орнотулган болчу.



Анын жанында, 2023-жылдан бери Эркиндик бульварында постаменттеги креслодо кыргыз адабиятынын классиги, кыргыз романынын атасы деп саналган Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги турат. Сыдыкбеков — алгачкы улуттук роман болгон «Кен-Суунун» автору. Чыгарма совет бийлиги бекемделген мезгилдеги айыл тургундарынын тагдыры тууралуу баяндайт. Бирок бул китеп жана дагы бир нече турмуштук романдары ага Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргыз ССРиндеги жашоо жөнүндө жазылган «Биздин замандын кишилери» романындай атак алып келген эмес.
«Биздин замандын кишилери» романы үчүн Сыдыкбеков СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына, ошол кездеги Сталиндик сыйлыкка татыган. Ага чейин да, андан кийин да советтик Кыргызстандын жазуучуларынын ичинен эч ким Союз деңгээлиндеги мындай жогорку сыйлыкка ээ болгон эмес.
Бир нече ири чыгармалардан кийин Сыдыкбеков жыйырма жылдан ашык жазган энисей кыргыздарынын тарыхы жөнүндө «Көк асаба» тарыхый романын сунуштаган. Китеп Борбордук Азия элдери тууралуу ондогон тарыхый булактарга негизделген жана VI-VIII кылымдарда түрктөрдүн башкаруусу мезгилиндеги энисей кыргыздарынын жашоосун, турмуш-тиричилигин, каада-салттарын жана дүйнө таанымын кеңири сүрөттөйт. «Көк асабаны» адабий журналдарда бөлүп-бөлүп жарыялай башташкан, бирок ошол кезде аны эч кандай өзгөртүүсүз толук басып чыгарууга уруксат берилген эмес. Роман кайра куруу жылдарында гана басмадан чыгып, СССРдин кулашынан кийин абдан популярдуу болгон.
Елена Короткова