Бишкекте экстремизмге каршы күрөшүү боюнча семинар-тренинг өттү

Бишкекте экстремизмге каршы күрөшүү боюнча семинар-тренинг өттү

Бүгүн, 2-июлда Бишкекте экстремисттик ишке каршы күрөшүү боюнча семинар-тренинг өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Чүй облустук милициясынын, прокуратуранын жана сот органдарынын кызматкерлери катышты. Семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан демилгеленип, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чаралар аймактарда уюштурулууда.

Семинардын жүрүшүндө экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ИИМ тарабынан аткарылган иштер, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын коомго тийгизген таасири, экстремизмге байланыштуу учурдагы кырдаал, бул багыттагы мыйзам, өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасалган. Ошондой эле катышуучулар тарабынан Кылмыш-жаза кодексиндеги экстремизмге жана терроризмге тиешелүү беренелер боюнча жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүнү сунушу айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>