Көп уюлдуу дүйнө технологиялардын тегерегинде курулат — Эсен Усубалиев

Ирандын позициясы жана чечкиндүү жообу асимметриялык аракеттер АКШ менен Израилдин ар кандай технологиялык артыкчылыгын олуттуу түрдө жокко чыгара аларын көрсөттү жана бул жооптун аймактык да, глобалдык да натыйжалары бар. Бул тууралуу эксперт, тарых илимдеринин кандидаты, чыгыш таануучу Эсен Усубалиев билдирди.
Бүгүн, 8-июнда Бишкекте эл аралык кырдаалга жана анын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасирине арналган «Каршылык көрсөтүү идеяларынын уландысы жана адилеттүү дүйнөлүк тартип: эмне үчүн АКШ жана Израиль Иранга каршы согушта жеңилди» аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып, ал аймактык планда АКШнын Перс булуңундагы өнөктөштөрү алсыз бойдон калып жатканы жана кепилденген коргоого ишене албастыгы айкын болгонун баса белгиледи.
«Бул Перс булуңундагы өнөктөштөргө гана тиешелүү болсо бир жөн, бирок АКШнын башка аймактардагы — Европа жана өзгөчө Тайвандын же Корей жарым аралынын тегерегинде кырдаалдын курчушу күтүлүп жаткан Азия-Тынч океан аймагындагы бир дагы өнөктөшү өзүн толук коопсуздукта сезе албайт. Анткени, менин пикиримде, Азия-Тынч океан аймагындагы жана Европадагы аскердик-саясий альянстардын системасы эбак эле өз маанисин жоготту», — деп эсептейт Усубалиев.
Анын пикиринде, АКШнын кымбат баалуу технологиялык артыкчылыгы технологиялык жактан анча өнүкпөгөн, бирок ошол эле учурда илимий жана өнөр жайлык жактан өнүккөн мамлекеттин кыйла ийкемдүү, асимметриялуу жана экономикалык жактан акталган жообунун алдында өзүнүн натыйжалуулугун жоготууда.
Эксперттин айтымында, бул кырдаалда Ирандын жеңүүчү болуп чыгышынын себеби коомдун жана мамлекеттин туруктуулугуна таасир эткен руханий-адеп-ахлактык жана идеологиялык негиздер менен гана байланыштуу эмес. Бул ошондой эле Ирандын импортту алмаштырууга жана пайда болгон коркунучтарга асимметриялык жоопторду издөөгө негизделген эгемендүү илимий-технологиялык жана өнөр жайлык системага ээ экендиги менен да түшүндүрүлөт.
«Бул келечекте кайсы гана мамлекеттин болбосун туруктуулугун аныктай турган негизги факторлордун бири. Албетте, буга ар бир эле мамлекеттин кудурети жете бербейт — мындай потенциал ондогон жылдар бою түзүлөт. Дүйнөдөгү эң катаал санкциялык режимдердин биринин алдында жашап келген Иран, чынында, 40 жылдан ашык убакыттан бери дал ушул нерсе менен алектенип келди. Менин оюмча, келечектеги дүйнөлүк тартип катаал, прагматикалуу жана мамлекеттердин реалдуу потенциалына гана негизделген болот», — деди Усубалиев.
Ал дүйнөдө өзүнчө илимий-өнөр жайлык аймактарды (зоналарды), анын ичинде АКШны, анын европалык өнөктөштөрүн, ошондой эле Япония менен Түштүк Кореяны бириктирген батыш илимий-өнөр жай аймагын түзүү идеясын колдой турганын белгиледи.
Анын пикиринде, дагы бир өзүнчө илимий-техникалык аймакты Кытай түзсө, ал эми техникалык аймакты — Россия, ЕАЭБ жана балким, Индия түзүшү мүмкүн.
«Көп уюлдуулуктун мындай түзүмүндө дүйнөнүн жаңы илимий-техникалык багытка өтүшү өзгөчө роль ойнойт, жана дал ушул нерсе келечекте тигил же бул өлкөлөрдүн аман калуу (жашап кетүү) мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт. Ирандын, Палестинанын жана Украинанын тегерегиндеги кырдаалдан жыйынтык чыгарбаган мамлекеттер же баш ийүүгө аргасыз болушат, же алсыз абалда калышат. Илимий-өнөр жай аймактарынын мындай бөлүштүрүлүшүндө Иран, чындыгында, негизги ролду ойнойт. Ал чоң Евразиянын өз алдынча илимий-техникалык борбору жана логистикалык хабы болуп саналат, ансыз Россия жана Кытай сыяктуу башка илимий-техникалык аймактардын иштеши олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн», — деп эсептейт Усубалиев.
Эксперттин айтымында, нанотехнологияларды, компьютерлерди өндүрүүнү жана жасалма интеллекттин өнүгүшүн көзөмөлдөгөн мамлекеттер келечекте өз эгемендүүлүгүн камсыз кыла алышат.
«Буга кудурети жетпегендер же бул технологиялардын колдонуучусу гана болуп калгандар башкалардын эрежелерине көнүүгө аргасыз болушат. Ал эми Иран менен болгон кырдаал көрсөткөндөй, ал баш ийүүгө же өзүн башкарууга жол бере турган өлкө эмес. Ирандын мындай өз алдынча позициясы жок келечектеги дүйнөлүк тартипти да, Евразиядагы мамилелердин келечектеги архитектурасын да элестетүү мүмкүн эмес», — деп жыйынтыктады Усубалиев.
Анара Мамытова