Аликбек Жекшенкулов: Ирандын тегерегиндеги окуялар ШКУнун бүтүндөй аймагына таасирин тийгизет

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери республика менен Ирандын ортосундагы мамилелер дайыма ырааттуу, прагматикалуу болуп, өз ара урматтоого, колдоого жана жакшы бир туугандык байланыштарга негизделип, эки өлкөнүн тең улуттук кызыкчылыктарына жооп берип келген. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) мурдагы башчысы Аликбек Жекшенкулов билдирди.
Бүгүн, 8-июнда Бишкекте эл аралык кырдаалга жана анын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасирине арналган «Каршылык көрсөтүү идеяларынын уландысы жана адилеттүү дүйнөлүк тартип: эмне үчүн АКШ жана Израиль Иранга каршы согушта жеңилди» аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып, ал Иран үчүн ушул оор мезгилде кыргыз эли иран элинин эрдигин жана туруктуулугун жогору баалап жатканын баса белгиледи.
«АКШ баштаган батыш өлкөлөрү бүгүнкү күндө кандай олуттуу чакырыктарды даярдаганын жана алар дүйнөнүн калган бөлүгүнө кандай текебердик менен мамиле кылып жатканын биз абдан так жана ачык түшүнүп турабыз. Бүгүнкү күндө иш жүзүндө көп уюлдуу дүйнө калыптанганына карабастан, АКШ өзүнүн үстөмдүгүн кайтаруу үмүтүнөн үзүлбөй келет», — деп ишенет Аликбек Жекшенкулов.
Ал бүгүнкү күндө иран эли адилеттүү дүйнө жана жаңы дүйнөлүк тартип үчүн күрөштүн алдыңкы сабында турганын баса белгиледи.
«Бул жагынан алганда, бардык элдерибиздин, биринчи кезекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин алдында кандай оор жана жооптуу милдеттер турганын биз абдан терең түшүнүп турабыз. Ормуз кысыгында өнүгүп жаткан кырдаал, албетте, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бардык аймактарындагы абалга өз таасирин тийгизет. Ошондуктан биздин эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерибиздин динамикасын сактап калышына, прагматикалык негизде тереңдешине жана кеңейишине биз дагы белгилүү бир деңгээлде жооптуубуз», — деди Жекшенкулов.
Анын айтымында, Батыш эбак эле өз жүзүн көрсөттү жана анын кандай максаттарды көздөп жатканын баары түшүнүп турат. Иранды, ал эми ага чейин Иракты, Сирияны, Ливияны жана Сербияны бомбалагандан кийин, анын пикиринде, дүйнөлүк коомчулук бүгүнкү күндө АКШнын жана башка батыш өлкөлөрүнүн жетекчилиги коргоого аракет кылып жаткан ролу жана артыкчылыктары боюнча тийиштүү жыйынтыктарды чыгарды.
«Менимче, көптөгөн өлкөлөр жана дүйнөлүк коомчулук АКШнын кайсы жол менен баратканын түшүнүп калды. Биздин жалпы милдетибиз — мамлекеттер деңгээлинде гана эмес, коомдук жана академиялык чөйрөлөрдүн деңгээлинде да диалогду, өз ара маалымат алмашууну күчөтүү жана кеңейтүү», — деди ал.
Дипломат белгилегендей, Ирандын тарыхы жана анын лидерлеринин руханий баалуулуктары адилеттүү жана көп уюлдуу дүйнө үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат. Анын айтымында, мамлекет башчылары гана эмес, ар бир жоопкерчиликтүү жаран Түштүк-Батыш Азияда жүрүп жаткан процесстерди терең түшүнүшү керек жана алар учурдагы кырдаалга гана эмес, кийинки муундардын келечегине да таасирин тийгизерин аңдап-билүүсү кажет.
«Ошондуктан жоопкерчилик бардыгыбыздын мойнубузда. Биз тилектеш болушубуз керек, өз ара негизде келечекти пландаштырышыбыз зарыл. Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити биздин өлкөлөрдүн позицияларын дагы да жакындатышына жана Кыргызстан башка ШКУга мүчө өлкөлөр, ошондой эле иран, орус жана кытай элдери сыяктуу эле өзүнүн тынч жана коопсуз келечегин коргоо умтулуусунда бирдиктүү экенин дүйнөгө ачык айтууга дагы бир кадам болот деп үмүттөнөм», — деп жыйынтыктады Жекшенкулов.
Анара Мамытова