Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалы өтөт

Бишкекте 24-июлдан 28-июлга чейин “Оймо” 18-эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча фестиваль өтөт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалга жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышмакчы. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Индия, Монголия, Мексика, АКШ, Малайзия, Норвегия, Швеция, Кувейт өлкөлөрүнөн келишет.

«Иш-чарада 12 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн эл аралык көргөзмөсү уюштурулат. Фестивалдын алкагында «Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт» улуттук сынагы жана «Мыкты мастер» жана «Мыкты насаатчы» эл аралык сынактары өткөрүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>