«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкекте заманбап вакцина сактоочу кампанын курулушу башталды
09.06.2026 | 10:07

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Бишкекте Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун базасында заманбап шаардык вакцина сактоочу кампанын курулушу башталды.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор эл аралык уюмдардын каржылык жана техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда жана вакциналарды сактоо, логистика жана ташуу боюнча заманбап чечимдерди киргизүүнү карайт.
«Жаңы объект вакциналардын ишенимдүү сакталышын камсыз кылууга, аларды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана борбор калаанын медициналык мекемелерин үзгүлтүксүз камсыздоого кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, кампаны куруу муздак чынжыр (холодовая цепь) системасын бекемдөөгө, иммунобиологиялык препараттарды жеткирүүнүн ыкчамдыгын жогорулатууга жана саламаттык сактоо системасынын мүмкүн болгон эпидемиологиялык чакырыктарга даярдыгын күчөтүүгө багытталган.