Екатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузган

10-июнь күнү кечинде Екатеринбургда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына шектелип жаткан кыргызстандык айдоочу буга чейин Санкт-Петербургда алты жолу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу тергөө маалыматтарына таянуу менен Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.
«Автокырсыкка шектелген автобустун айдоочусу Екатеринбургга 2026-жылдын февраль айында келип, 6-марттан тарта коммерциялык автокомпания менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштеп баштаган. Окуядан кийин дароо ал медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, жол кырсыгы учурунда соо болгондугу аныкталган. МАИнин (ГАИ) маалымат базасында анын Санкт-Петербургда жол эрежесин алты жолу бузганы катталган», — деп билдирди Свердлов облусу боюнча ИИМдин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Валерий Горелых.
Ошондой эле шаардык каттамды тейлеген транспорттук компаниянын көптөгөн мыйзам бузуулар менен иштеп келгени белгилүү болду. Кызматкерлерге сменалар арасында эс алуу үчүн жетиштүү убакыт берилген эмес, медициналык текшерүүлөр эреже бузуулар менен толтурулуп, техникалык тейлөө жана нускамалар тийиштүү деңгээлде өткөрүлгөн эмес. Мындан тышкары, ичкиликке жана баңгизатка жакын кызматкерлерден тийиштүү анализдер алынганын тастыктаган документтер жок болгон.
49 жаштагы Кыргызстандын жаранына жана унаанын ээси — транспорттук компаниянын директоруна карата кылмыш иштери козголду. Биринчисине жол кыймылынын эрежелерин бузуу, экинчисине коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү айыбы тагылууда.
«Тергөө автобустун айдоочусу светофордун тыюу салынган белгисинен өтүп кеткендиктен жеңил унаа менен кагылышып, андан соң жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен деген бүтүмгө келди. Сурак учурунда айдоочу тергөөчүлөргө газ менен тормоздун педалдарын алмаштырып алганын айткан», — деп жазышат ЖМКлар.
Автобустун айдоочусуна карата кылмыш иши козголуп, Екатеринбургдун райондук соту шектүүнү 10-августка чейин камакка алды.
«Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу Орусиянын укук коргоо органдары менен байланышта болуп, кармалган жарандын жакындарына көмөк көрсөтүүдө», — деп айтылат тышкы саясий ведомствонун билдирүүсүндө.
Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турат.