Бишкекте эреже бузган курулуш компаниялардын тизмеси

Бишкекте эреже бузган курулуш компаниялардын тизмеси

Бишкек шаарындагы курулуш уюмдары жол жээгинин булганышына жол бербөө боюнча чараларды көрүшпөй, көрктөндүрүү эрежелерин бузууда.

Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте курулуш объектилеринде рейддерди өткөрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, бул жолу 39 ишкана текшерилип, дээрлик бардыгында мыйзам бузуулар табылган. Объекттин айланасында тазалык жана тартип сакталбаганы үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, 13 миң сом өлчөмүндө төмөнкү ишканаларга протоколдор түзүлдү.

— Токтоналиев көчөсү №104/1 дарегиндеги  «Делур»;
— Анкара көчөсү  №46  дарегиндеги  «Аалам курулуш»;
— Панфилов көчөсү  №87 дарегиндеги  «МК Девелоперс»;
— Кайназарова-Профсоюзная көчөсүндөгү «Тагай-Бий»;
— Киев-Тыныстанов көчөсүндөгү «Бай-Таш»;
— Кайназаров көчөсү  №11/1 дарегиндеги  «Датка курулуш».

115-беренеге ылайык, өнөр жай жана өндүрүш калдыктарын муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн төмөнкү ишканаларга 23 миң сом айып салынган:

— Чүй көчөсү № 279 дарегиндеги- «Мафлинов Ю.С.»;
— Анкара көчөсү №3  дарегиндеги  «Аалам курулуш»;
— 7-апрель көчөсүндө «Олимп Строй».

Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаны эксплуатациялоо   эрежелерин бузгандыгы үчүн 249-беренеге ылайык ишканаларга айыптар салынды:

— Ак-Таң көчөсү  №64  дарегиндеги   «Райан Билдинг»;
— Куйручук көчөсү 191 дарегиндеги  «Гала Групп».

177-берене боюнча жол курулушун булгагандыгы жана бузгандыгы үчүн 17 миң сомго төмөндөгү ишканаларга протокол түзүлгөн:

— Куйручук көчөсү  №191 дарегиндеги  «Гала Групп»;
— Скрябин көчөсү  №45 дарегиндеги   «Аманат строй»;
— Анкара көчөсү  №46 дарегиндеги  «Аалам курулуш»;
— Анкара көчөсүндөгү «Делмар Групп»;
— Целинная көчөсү №41 дарегиндеги  «Аманат строй»;
— Мессарош көчөсүндөгү «Дөөлөт курулуш»;
— Лев Толстой көчөсү  №100 дарегиндеги «Капстрой КЖ»;
— Киев-Чуйков  көчөсү  №132/6  дарегиндеги «МБС»;
— Фучик көчөсү №38/2 дарегиндеги  «Береке имараты»;
— Горький көчөсү  №33 дарегиндеги «АБМ Профи».

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 8.20-пунктуна ылайык, курулуш объектилери, өнөр жай объектилери автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаалардын дөңгөлөктөрү менен жолду булгоого тыюу салынат. Рейддик иш-чаранын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин талаптарын бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 573 000 сомду түзгөн 31 протокол түзүлдү.

Борбор калаанын мэриясы көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталганда, бузуунун түрүнө карабастан,  бардык юридикалык жана жеке жактарга жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>