Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүн

15.10.2026 | 19:10
В Бишкеке могут пройти концерты BTS, Backstreet Boys и Дженнифер Лопес — Новости Кыргызстана

Шакирадан кийин Бишкекте дүйнөлүк жылдыздар — Backstreet Boys тобу, Дженнифер Лопес жана BTS тобу концерт бериши мүмкүн. Бул тууралуу продюсер Ислам Сатаров «ЭлТР» телеканалынын эфиринде билдирди.

Бардык концерттерди «Бишкек Аренада» өткөрүү пландалууда.

Сатаровдун айтымында, америкалык Backstreet Boys тобу менен сүйлөшүүлөр аяктады. Топтун концерти катары менен эки күн өткөрүлөт.

«Алардын концертинин билеттери Амирбек Атабековдун концертине караганда кымбат болбойт», — деди Сатаров.

Продюсер концерттин так качан өтөрүн билдирген жок.

Анын айтымында, Дженнифер Лопес менен сүйлөшүүлөр уланууда. Сатаров алар ийгиликтүү аяктайт деп үмүттөнөт.

Ал эми түштүк кореялык BTS тобу Бишкекте 2027-жылдын күзүндө концерт бериши мүмкүн. Продюсер иш-чаранын так күнүн жана билеттердин баасын азырынча айта элек.

Scroll to Top