Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат
10.03.2024 | 14:39
Бүгүн, 10-мартта Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, мелдеш 10-16-март күндөрү Бишкек шаарында өтмөкчү.
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун “А” тайпасында ойнот, бул II дивизиондун “В” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстан, Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембургдун командалары беттеше турган турнир “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.
10-мартта Кыргызстандын курама командасы Таиланд курама командасы менен беттешет, беттеш саат 20:00дө башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар