Бишкекте изделип жаткан кыз табылды

Бишкекте изделип жаткан кыз табылды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кызды табышты.

11-февралында саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан борбор калаанын аймагынан кыз аман-эсен табылган.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү борбор калаанын тургуну Э.Б. 2008-жылдын 21-сентябрында туулган С.А. аттуу кызы саат 10:30дар чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз жоголгон кыздын кайда экени белгисиз.

Бул фактыны Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы электрондук журналга каттап, дайынсыз жоголгон жашы жете элек С.А.нын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары башталган.

Учурда милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылып, күнү-түнү иштеген 102 номуруна чалууну эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>