Байден америкалыктарды тез арада Украинадан чыгып кетүүгө чакырды

Байден америкалыктарды тез арада Украинадан чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы америкалыктарды тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырып, андагы кырдаал «өтө тездик менен өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин» эскертти.

«Америкалык жарандар чыгып кетиши зарыл, азыр кетиши керек. Кеп дүйнөдөгү эң чоң армиялардын бири жөнүндө болуп жатат. Бул таптакыр башка кырдаал, бардыгы өтө тездик менен өзгөрүп кетиши мүмкүн», — деди Байден NBC News телеканалына берген маегинде.

Ошол эле маалда президент кандай болгон күндө да Украинага америкалык аскерлер жөнөтүлбөй турганын дагы бир жолу ырастады. Анын айтымында, Украинадагы АКШ жарандарын кутаруу зарылдыгы жаралган күндө да аскерлер бул өлкөгө барбайт.

«Америкалыктар менен орустар бири-бирине ок атса биз таптакыр башка дүйнөдө болуп калабыз. Дүйнөлүк согушка айланышы мүмкүн» — деди Байден.

10-февралда The Wall Street Journal журналы Украинадан Польшага келе турган америкалыктарды эвакуациялоо планы жактырылганын кабарлаган. Январда польша бийлиги Орусиянын ыктымал кол салуусунан кийин келе турган качкындар үчүн атайын өткөрүү жайларын даярдай баштаган. Анда өлкө 1 миллионго чейин качкынды кабыл алууга даярдык көрүп жатканы айтылган.

Күн мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинаны саякаттоо сунушталбаган өлкөлөрдүн «кызыл тизмесине» киргизген. Мекеме Украинадагы бардык америкалык жарандарды тез арада чыгып кетүүгө чакырып, муну «Орусиянын аскердик аракеттеринин коркунучу жогорулаганы» менен түшүндүргөн.

Январда Мамлекеттик департамент АКШнын Киевдеги элчилигинин айрым кызматкерлерине өз каалоосу менен Украинадан чыгып кетүүгө уруксат берип, алардын үй-бүлөсүн өлкөдөн кетүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары Улуу Британия менен Канада да дипломаттарын эвакуациялай баштаган. Германия менен Австралия дипломаттардын үй-бүлөлөрү чыгарылып жатканын кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>