Тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү: Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталды

15–18-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты түзүү максатын көздөйт. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Программанын алкагында Казакстандын медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери Бишкектин клиникаларына келишет. Алар Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Улуттук онкология жана гематология борборунда, Тез жардам ооруканасында жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды, мастер-класстарды өткөрүшөт. Ошондой эле бейтаптарга консультация берип, биргелешкен операцияларды жасашат.
Иш-чаралар кардиология, онкология, педиатрия, нейрохирургия, акушердик жана гинекология, реабилитация, телемедицина жана саламаттык сактоону санариптештирүү багыттарын камтыйт. Адистер биргелешкен билим берүү программаларын жана медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашат.
Мындан тышкары, 15–17-сентябрда казакстандык адистердин катышуусунда эки мобилдик клиника Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда калкка медициналык жардам көрсөтөт.