Кыргызстанда балдарга түнкүсүн антикафе жана антикинолорго барууга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жашы жете электердин түнкү убакта антикафе жана антикинотеатрларда болуусун чектөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында убактысына жараша акы төлөнүүчү жана өзүнчө жабык бөлмөлөрдөн турган жайлар популярдуу боло баштады. Ошол эле учурда өздөрүнүн укуктук макамы боюнча алар кадимки кафелердин же кинотеатрлардын аныктамасына толук туура келбей, тийиштүү көзөмөлдөн тышкары калууда. Мындай жайлардын көбү күнү-түнү иштейт.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон Министрлер кабинети антикинотеатрларды, анын ичинде жеке кинозалдарды жана антикафелерди (тайм-кафелерди) түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жашы жете электердин жүрүүсү чектелген же тыюу салынган жайлардын тизмесине киргизүүнү сунуштайт.
Мындай жайлар өлкөнүн ири шаарларында, атап айтканда Бишкекте кеңири жайылганы белгиленет. Рейддердин жүрүшүндө аларда балдардын укуктарынын бузулушу аныкталган.
Маселен, айрым антикинотеатрларда ичинен бекитилүүчү обочолонгон бөлмөлөр бар. Долбоордун авторлорунун пикиринде, бул жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын жасалышына, ошондой эле алардын алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын, вейптерди жана баңгизаттарды колдонуу тобокелдигин жаратат.
Мындан тышкары, өспүрүмдөр түнкү саат 22:00–23:00дөн кийин чоңдордун көзөмөлү жок антикафелерде жана антикинотеатрларда жүргөн учурлар кездешүүдө. Мыйзамды иштеп чыккандар бул жашы жете электердин өздөрү тарабынан да, аларга карата да укук бузуулардын жасалуу коркунучун көбөйтөт деп эсептешет.
Иштеп чыгуучулар бул түзөтүүлөрдүн кабыл алынышы мындай көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүгө, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жана балдарды түнкү убакта мүмкүн болуучу коркунучтардан коргоого өбөлгө түзөрүн белгилешет. Долбоор республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Ошондой эле колдонуудагы мыйзамдын айрым жоболорун «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамга шайкеш келтирүү сунушталууда.
Мыйзам кабыл алынган учурда, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.