Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкекте көрүстөндөн орунду жубайлар гана алдын ала ээлеп коё алышат
30.06.2026 | 17:44

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 30-июндагы отурумунда «Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүндө сөөк коюучу жайларды алдын ала ээлеп коюу (брондоо) боюнча кошумча кызматтардын коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун жактырышты.
Документке ылайык, муниципалдык көрүстөндөгү сөөк коюучу жайды нике тууралуу күбөлүгү бар болгон учурда гана жубайлар алдын ала ээлеп коё алышат.
Кошумча кызматтардын коэффициенти 50 647 сом өлчөмүндө белгиленди. Бул суммага жер тилкесин даярдоо, аны көрктөндүрүү, ошондой эле он жыл бою күтүү жана санитардык тейлөө иштери кирет.
Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 токтому менен белгиленген 100 миң сом өлчөмүндөгү базалык наркты эске алганда, сөөк коюучу бир орунду алдын ала ээлеп коюунун жалпы баасы 150 647 сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом