Бишкек көрүстөндөрүндө орун брондоо — жаңы баалар жана кызматтар тууралуу кеңири

Бишкек мэриясы шаардын муниципалдык көрүстөндөрүндө сөөк коюучу орундарды брондоонун жаңы тарифи жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарып, бекитүү үчүн Бишкек шаардык кеңешине жөнөттү.
Долбоорго ылайык, аянты 10 чарчы метр болгон бир тилкени 10 жылдык мөөнөткө брондоо кызматынын баасы 50 миң 647 сомду түзөт.
Баанын ичине төмөнкүлөр кирет:
• тосмону орнотуу жана демонтаждоо боюнча бир жолку жумуштар, материалдар (цемент, инерттик материалдар, даяр тосмо);
• 10 жыл бою тилкени санитардык тазалоо жана карап күтүү;
• техникалык суу, чарбалык материалдар жана электр энергиясына кеткен чыгымдар;
• административдик чыгымдар жана Социалдык фондго чегерүүлөр;
• 10% рентабелдүүлүк.
Эсептөө Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 токтомуна ылайык жүргүзүлгөн. Анын ичине жумушчулардын орточо айлык эмгек акысы, жылына 12 жолу тазалоо иштерин жүргүзүү, сууну пайдалануу жана башка зарыл чыгымдар киргизилген.
«Коэффициентти киргизүүнүн максаты — ритуалдык кызматтарды тартипке келтирүү, баа түзүүнүн айкындыгын жана көрүстөндөрдү талаптагыдай кароону камсыз кылуу. Эми тургундар тилкени көрктөндүрүү жана 10 жыл бою кароо боюнча кызматтардын толук пакетинин акысын алдын ала төлөп, сөөк коюучу орунду брондой алышат», — деп айтылат документте.