Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Майыптыгы бар адамдар мамлекеттик кызматтарга конкурстан тышкары кабыл алынат
30.06.2026 | 17:31

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жаңыланган мыйзамдын максаты — майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик кызматка орношуусуна жеңилдетилген шарттарды түзүү.
Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр:
- Майыптыгы бар жарандар, эгерде алар квалификациялык талаптарга жооп берсе, кадрлар резервине жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары кире алышат.
- Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн белгиленген квоталарды аткарууга милдеттүү. Бош кызмат орундарына дайындоо кадрлар резервинен ишке ашырылат.
- Резервде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 4-июнунда кабыл алынган. Бул чечим майыптыгы бар жарандарды социалдык жактан колдоо жана алардын эмгек укуктарын ишке ашырууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: майыптуулук, Садыр Жапаров