Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду

16.07.2026 | 18:10
Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында жайкы каникул мезгилинде майыптыгы бар балдар үчүн спорттук машыгуулар уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти билдирди.

Машыгуулар ОРАБӨСОМ жана «Дельфин» ОРАБӨМдүн базасында жумасына эки жолу — шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 12:00дөн 13:00гө чейин өткөрүлөт.

Программага кыймылдуу оюндар, топ менен көнүгүүлөр жана бассейндеги машыгуулар кирет. Спорттук инструкторлордун жетекчилиги астында балдар жалпы жана ири моториканы, кыймылдардын координациясын өнүктүрүүгө, дене активдүүлүгүн жогорулатууга жана ден соолукту чыңдоого багытталган көнүгүүлөрдү аткарышат.

Мэрия белгилегендей, машыгуулар жай мезгили бою өткөрүлүп, майыптыгы бар балдардын активдүү, пайдалуу жана жеткиликтүү эс алуусуна шарт түзүүгө багытталган.

Scroll to Top