«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткарды

«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Тамчы — Баткен — Тамчы багыты боюнча түз авиакаттамды аткарды.
Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, жаңы каттам Ысык-Көл жана Баткен облустарын биринчи жолу түз аба байланышы менен бириктирди. Эми Баткен облусунун тургундары эч кандай транзитсиз Ысык-Көлдүн жээгине жете алышат, ал эми Ысык-Көлдүн тургундары өлкөнүн эң алыскы аймактарынын бирине тез барууга мүмкүнчүлүк алышты.
Белгиленгендей, жаңы каттамдын ачылышы ички туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнүн аймактарынын транспорттук байланышын чыңдоого дагы бир маанилүү кадам болду.
Тамчы — Баткен — Тамчы багыты боюнча каттамдар жайкы туристтик сезон учурунда ар жума сайын бейшемби күнү аткарылат.
Бир тарапка билеттин баасы 6 миң 500 сомдон башталат.