Бишкек менен Чүйдө баңгизат сатууга шектүү кармалды (видео)

Бишкек менен Чүйдө баңгизат сатууга шектүү кармалды (видео)

Бишкекте менен Чүйдө баңгизат сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине О. аттуу жаран Бишкек менен Чүйдө баңгизаттарды сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт каттоого алынып, шектүүнү табуу боюнча иштер башталган.

ИИМден билдиришкендей, 25-июлда милиция 31 жаштагы О.Б. уулу аттуу шектүүнү «Ауди 80» унаасы менен баратканда кармаган. Анын унаасын тинтүү учурунда айдоочунун отургучунун алдынан баштыкка оролгон салмагы 665 граммды түзгөн зат табылган. Экспертиза көрсөткөндөй табылып алынган зат «нашаа» болуп чыккан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>