Жалал-Абадда жаңы асфальтталган көчөнүн ачылышына Ташиев катышты (видео)

Жалал-Абадда жаңы асфальтталган көчөнүн ачылышына Ташиев катышты (видео)

Жалал-Абад шаарында Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, бүгүн, 9-августта пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жолдун ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, мэр Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышкан.

Узундугу 2 чакырым, туурасы 20 метрди түзгөн жолго жаңы асфальт басууга 70 млн сом сарпталган.

«Пушкин көчөсү – Жалал-Абад шаарынын негизги жолдорунун бири. Аталган көчө 2018-2019-жылдары кеңейтилип, бирок кеңейтилген бөлүгүнө гана убактылуу асфальт басылган болчу», — деп билдиришти мэриядан.

2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>