Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Бишкекте «Притон» рейддик иш-чарасынын эки күнүндө милицияга 30 адам жеткирилди
25.07.2026 | 13:10

Бишкектин Ленин районунда «Притон» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, рейд өткөрүлгөн алгачкы эки күндүн ичинде Ички иштер бөлүмүнө 30 жаран жеткирилген. Алардын ичинен 10 адамга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси («Сойкулук менен алектенүү») боюнча укук бузуу тууралуу протоколдор түзүлдү.
«Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт», — деп билдиришти ИИБден.
Рейддик иш-чаралар 31-июлга чейин уланат.