Бишкекте Россия киносунун күндөрү өтөт

Бишкекте Россия киносунун күндөрү өтөт

Россиянын кинолору 14-июлдан 16-июлга чейин Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана спорт министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кино күндөр Russian Film Festival брендинин негизинде өткөрүлүүдө.  Иш-чаранын программасында комедия, кызыктуу окуяларга бай анимациялык фильмдер камтылган.

Эске салсак, Россия киносунун күндөрү быйыл Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүп жатат. Былтыр Россия кино күндөрүнө Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун көрүүчү келген.

Аталган иш-чара Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу жана «Роскино» тарабынан уюштурулууда.

Бул ирет көрүүчүлөргө төмөнкүдөй кинолор тартууланат:

14-июль, саат 19:00 — «Родители строгого режима», режиссёру Никита Владимиров, 2022-жылы экранга чыккан (12+);

15-июль, саат 12:00 — «Чинк: Хвостатый детектив», режиссёру Григорий Вожакин, 2022-жылы тартылган (6+);

Саат 16:00 — «Гром: Трудное детство», режиссёр Олег Трофим, 2023-жылы экранга чыккан (18+).

6-июль, саат 12:00 — «Три богатыря и конь на троне», режиссёру Дарина Шмидт, Константин Феоктиство, 2021-жылы экранга чыккан (6+).

Саат 14:00 — «Я худею», режиссёру Алексей Нужный, 2018-жылы тартылган (16+).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>