Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Кара-Сууда 9 жана 7 жаштагы эки бала сууга чөгүп кетти
12.07.2023 | 13:12
Ош облусунда каналга чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-июлда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Ачы айылынан агып өткөн Южный каналына 9 жаштагы К.М. жана 7 жаштагы К.М. аттуу балдар түшүп кеткени тууралуу маалымат келген.
Мындан улам издөө иштерине куткаруучулар тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 12-июлда таң эрте Кара-Суу району боюнча ӨКБнүн өздүк курамы издөө ишине тартылган.
Натыйжада саат 11:06да 9 жаштагы баланын сөөгүн куткаруучулар, ал эми саат 11:32де 2-баланын сөөгү туугандары тарабынан табылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом