Бишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөт

03.11.2026 | 13:13
5 ноября в трех жилмассивах Бишкека временно отключат питьевую воду — Новости Кыргызстана

5-ноябрда Бишкек шаарындагы Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында ичүүчү сууну берүү саат 09:00дөн 17:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Суу берүү «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу топтомолорунда, ошондой эле суу түтүк тармактарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулууда.

Чектөө аталган аймактардагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык, өнөр жай объектилерине тиешелүү.

Бишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөт — иллюстрация

«Бишкексууканал» ишканасы жарандарды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Scroll to Top