Бишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайт

18-октябрда «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган Шакиранын концертине келген көрүүчүлөрдү уюштуруучулар стадионго акысыз жеткирип, кайра алып келишет. Бул үчүн 6 автобус каттамы уюштурулат.
Стадионго автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин каттайт. Алар жүргүнчүлөр толгонуна жараша 4–6 мүнөттүк аралык менен жөнөп турушат. Концерт бүткөндөн кийин жүргүнчүлөр кайра баштапкы жерлерине жеткирилет.
Автобустар төмөнкү алты жерден жөнөйт:
- «Түбөлүк от» (Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши);
- «Батыш автобекети» (Жибек-Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши);
- «Киркомстром» (Барпы Алыкулов көчөсү, 32);
- Көк-Жар турак жай массиви (Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши);
- Сухэ-Батор көчөсү («Глобус» дүкөнү);
- Темир жол вокзалы (Эркиндик бульвары, 1/А).
VIP жана VVIP билеттеринин ээлери үчүн стадиондун аймагына өзүнчө кирүүчү жол жана атайын унаа токтотуучу жай каралган. Уюштуруучулар аларга уруксат кагаздарын беришет.
Трансферди өз алдынча уюштурган туристтик компаниялар, туроператорлор жана корпоративдик кардарлар стадиондун жанындагы атайын аймактарга чейин келе алышат. Бул үчүн 15тен ашык билет сатып алуу керек. Уруксат кагазы «Бишкек Арена» стадионунда билеттердин QR-коддору аркылуу берилет. Ал жүргүнчүлөрдү түшүрүп, кайра алып кетүүгө гана уруксат берет. Унааларды токтотуп коюуга жана аймакта узак убакыт турууга болбойт.
Уюштуруучулар жолго чыгууну алдын ала пландап, акысыз автобустарды колдонууну жана концерт башталганга чейин эртерээк келүүнү сунушташат. Бул башталар алдында тыгындардын пайда болушуна жол бербөөгө жардам берет.