РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койду

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева ички иштер министрин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билдирген Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын жубайынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Омбудсмен милиция кызматкеринин жетекчилик кызматты аркалоого моралдык укугу барбы деген маселени да көтөрдү.
Жаманбаеванын айтымында, биринчи кезекте аялдын жана анын балдарынын укуктарын коргоп, ачык билдирүү жасаганы үчүн ага кандайдыр бир басым көрсөтүлүшүнө жол бербөө зарыл.
«Эгерде адамдарды коргоого милдеттүү болгон кызматкердин өз үйүндө коопсуздук жок болсо, анда зомбулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугу, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жөнүндө кантип сөз кылууга болот?» — деп нааразы болду акыйкатчы.
Ал аялдын коргоо ордерин алганы жана кийин анын талаптары бузулганы тууралуу маалыматтарга да көңүл бурду.
Жаманбаева милиция кызматкерлери, айрыкча жетекчилик кызматтагылар мыйзамды жумушта гана эмес, жеке жашоосунда да сактоого тийиш экенин баса белгиледи.
«Бул кызматкердин ички иштер органдарынын түзүмүндө жооптуу кызматты ээлөөгө моралдык укугу барбы?» — деген суроо койду акыйкатчы.
Ал ИИМдин жетекчилигин жабырлануучуга басым көрсөтүүгө жол бербөөгө жана окуяны калыс иликтөөгө чакырды. Анын айтымында, кызматтык абал жоопкерчиликтен качуунун куралы болбошу керек.
Эске салсак, буга чейин Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын 26 жаштагы жубайы маек берип, үч жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин билдирген. Ал ошондой эле күйөөсүн кол алдында иштеген аял кызматкерлердин бирине сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыптап, өзүнүн айтымында, милиционер кызматтык формада түшкөн адепсиз мүнөздөгү сүрөттөрдү жарыялаган.