Ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайт

Ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө, ошондой эле карантинге алынуучу продукцияга жана объекттерге карата азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөөгө жайылтылбайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Президенттин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндөгү жарлыгына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Эреже бузулган учурда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору өз ыйгарым укуктарынын чегинде чара көрө алышат. Мыйзамда каралган негиздер болсо, ишкерлерге айып пул салынып, ишкананын иши убактылуу токтотулушу мүмкүн.
Инспекторлор өзгөртүүлөрдүн маңызын ишкерлерге түшүндүрүп жатышат. 9-октябрда аталган кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгынын адистери борбор калаадагы коомдук тамактануучу жайларды, ветеринардык дарыканаларды жана эт сатуу түйүндөрүн текшеришти. Алар санитардык абалды, ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогун жана мыйзам талаптарынын сакталышын баалашты.
Министрликтин түшүндүрмөсүнө ылайык, өзгөртүүлөр ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, жугуштуу оорулардын, анын ичинде адамдарга жана жаныбарларга орток оорулардын, ошондой эле массалык тамак-аштан уулануулардын алдын алуу үчүн киргизилди. Кызмат көзөмөлдөө жана алдын алуу иш-чараларын улантат.