Бишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты

Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрү жаңылануучу энергетика, суу ресурстарын башкаруу жана климаттык мониторинг чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлор үчүн «Жашыл технологиялык коридор» демилгесин ишке ашырууга киришет. Мындай чечим 22-майда Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана технологиялар министрликтеринин жетекчилеринин Онунчу кеңешмесинде кабыл алынды.
Иш-чара КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын төрагалыгы алдында жана Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана уюмдун башка өлкөлөрүнүн делегацияларынын катышуусунда өттү. Катышуучулар биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорунун биринчи сынагынын жыйынтыгын талкуулап, аймактын экономикасын санариптештирүүнү тездетүү үчүн университеттер менен илимий борборлордун ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо зарылдыгын баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен ШКУнун жакынкы мезгилге карата илимий-техникалык саясатынын багытын аныктаган протоколго кол коюлду. Министр Гүлзат Исаматова биргелешкен илимий демилгелер негизги стратегиялык ресурс болуп жатканын, ал эми «жашыл» технологияларга өтүү бардык катышуучу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн жана экологиялык коопсуздугун камсыз кыларын белгиледи