Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга бөгөт коюлду — шектүү кармалды
17.07.2026 | 09:35

Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июлда аталган кызматка Биринчи май районунун аймагында белгисиз жаран синтетикалык баңги каражаттарын таратуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү — 21 жаштагы Б. У. — Школьная көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин жанынан кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын барсеткасынан өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү зат салынган 19 таңгак табылып, алынган. Мындан тышкары, кармалган жарандын көрсөтмөсү менен укук коргоо кызматкерлери ушундай эле зат катылган дагы беш «тайник-закладканы» табышкан.
Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.