Жайында тамак-аштан уулануудан кантип сактануу керек — дарыгерлердин сунуштары

17.07.2026 | 09:50

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору кыргызстандыктарга ысык аба ырайында уулануу коркунучун азайтууга жардам берген тамак-аш коопсуздугунун беш негизги эрежесин эскертти.

Аталган борбордон жайында азык-түлүктөр бат бузулуп, бактериялар тез көбөйөрүн, андыктан тамакты сактоо жана бышыруу эрежелерин сактоо өзгөчө маанилүү экенин белгилешти.

Адистер биринчи кезекте тазалыкты сактоону сунушташат: тамак жасоонун алдында, ажатканага баргандан кийин жана зарылчылыкка жараша колду самындап жууп туруу, ошондой эле идиш-аяктарды жана тамак жасаган жерлерди тазалап, дезинфекциялоо керек. Мындан тышкары, азык-түлүктөрдү курт-кумурскалардан жана жаныбарлардан коргоо зарыл.

Ошондой эле чийки азыктарды даяр тамактардан бөлөк сактоо, эт, балык жана даяр тамактар үчүн ар башка тактайларды жана бычактарды колдонуу, ал эми муздаткычта чийки этти башка азыктардан өзүнчө коюу сунушталат.

Термикалык иштетүүгө (бышырууга) өзгөчө көңүл буруу зарыл. Эт, балык жана жумуртканы 70 градустан жогору температурада бышыруу керек, ал эми тамакты кайра ысытканда анын толук ысыганына ынануу зарыл.

Адистер ошондой эле аптапта даяр тамактарды бөлмө температурасында бир-эки сааттан ашык калтырууга болбой турганын эскертишти. Тамакты +5 градустан төмөн же +60 градустан жогору температурада сактоо сунушталат.

Мындан тышкары, алар таза ичүүчү сууну гана колдонууну, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жакшылап жууп, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен же сапатынан күмөн санаган азыктарды жебөөнү кеңеш беришет.
Scroll to Top