Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалдыБишкекте ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлөтМамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырдыТоварлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынатМанас шаарынын 149 жылдыгы белгиленди
Бишкекте ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлөт
06.11.2026 | 11:09

Бишкек шаарында 2027-жылдын жайына чейин ар дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүп турат. Анда эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар сатылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманкелер калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу жана өндүрүүчүлөрдүн продукциясын ортомчуларсыз түз сатууга шарт түзүү максатында уюштурулууда.
Өткөрүлүүчү даректер жана графиги:
- Биринчи май районунда: 2026-жылдын 7–8-ноябрынан баштап 2027-жылдын июнь айына чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү Т. Усубалиев атындагы аянтта;
- Ленин районунда: 2026-жылдын 6-ноябрынан баштап 2027-жылдын июнь айына чейин ар жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Жал кичи районундагы Миңжылкыев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жарманке