Аскер прокурору Кытайдын атташеси менен аскердик кызматташтыкты талкуулады

10.11.2026 | 15:45
Аскер прокурору Кытайдын атташеси менен аскердик кызматташтыкты талкуулады — Новости Кыргызстана

Башкы прокурордун орун басары — аскер прокурору Байдылдаев 10-ноябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Гао Жиюй менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тараптар президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин кол койгон Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү сапаттуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларациясын ишке ашыруунун негизги багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда аскердик кызматташтыкка, коргонуу тармагындагы өз ара аракеттенүүгө, тажрыйба алмашууга жана аскер кадрларын даярдоого, ошондой эле биргелешкен антитеррордук машыгууларды жана иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, аймактык коопсуздук жана заманбап коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелери каралды.

Тараптар аскердик юстиция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик тажрыйба алмашууну жана биргелешкен иш-чараларды камтыган практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Scroll to Top