Европадан Кыргызстанга велосипед менен келген саякатчылар Бишкекке жетти

10.11.2026 | 15:05
Путешественники, приехавшие в Кыргызстан на велосипедах из Европы, добрались до Бишкека — Новости Кыргызстана

Европадан Кыргызстанга велосипед менен келген Насирдин Өмүралиевди жана Италиянын жараны Марко Фантеллону Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында тосуп алышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Саякатчыларды Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле «Жеңиш» спорт мектебинин велосипед спорту бөлүмүнүн окуучулары тосуп чыгышты.

Насирдин Өмүралиев сапарын Польшадан баштаган. Анын айтымында, сапардын максаты — ата-бабалар басып өткөн тарыхый жолдор менен жүрүп, алардын мурасын урматтоо жана Кыргызстанды башка өлкөлөргө таанытуу. Өмүралиев сапар учурунда Азербайжандын Алят портунан Италиянын 64 жаштагы жараны Марко Фантелло менен таанышып, Кыргызстанга чейин чогуу келишкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө саякатчыларга улуттук ак калпак кийгизилип, ыраазычылык каттары жана белектер берилген.

Теги: саякат
Scroll to Top