Бишкекте «Түрк кино күндөрү» өткөрүлөт

28.05.2026 | 10:05
Кыргызстан менен Түркиянын желектери

3-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында «Түрк кино күндөрү» өтөт. Иш-чаранын алкагында беш күн бою түрк кино акысыз көрсөтүлөт.

Маданият министрлигин маалыматында, ошондой эле программада университеттердеги жолугушуулар, режиссерлор жана продюсерлер менен талкуулар, маданий экскурсиялар жана киноиндустриядагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар бар.

Иш-чаранын ачылыш аземи 3-июнда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында болот. Ага Түркиянын Кино боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Бирол Гювен катышат. Ачылыш күнү «Mutluyuz Mu» тасмасы көрсөтүлөт.

Фестивалдын алкагында актер Ибрагим Бюйюкака, продюсер Хасан Корай Шахин, сценарист-режиссер Мурад Эмре Каман, актриса Дениз Барут жана режиссер Юксел Аксуу менен жолугушуулар өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт.

Теги: Кино
Scroll to Top