Дарыканаларда мыйзамсыз ташылып келген дарылар сатылган: эки жаран кармалды

Казакстандан Кыргызстанга дары каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып келүү жана аларды Бишкектин дарыканаларында сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Мыйзам бузуу фактысын Мамлекеттик бажы кызматы Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте аныктаган. Препараттарды ташуу үчүн жашырылган жери бар жүк ташуучу унаа колдонулганы белгилүү болгон.
Текшерүү учурунда автоунаадан өлкө аймагында жүгүртүүгө чектөө киргизилген дарылар табылган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ташылып келинген каражаттар Бишкек шаарындагы дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып турган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип кыргызстандык жарандар болгон Ж.Б.Ж. жана Н.К.Н. кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.