2-ноябрь: Кыргызстанда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, абанын табы +22° чейин көтөрүлөт

02.11.2026 | 09:00
2-ноябрь: Кыргызстанда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, абанын табы +22° чейин көтөрүлөт — Новости Кыргызстана

Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, түнкүсүн Ош жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15–20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.

Мекеменин маалыматы боюнча:

  • Чүй облусунда түнкүсүн −1…+4 °C, күндүз +17…+22 °C;
  • Талас облусунда түнкүсүн −3…+2 °C, күндүз +14…+19 °C;
  • Ош облусунда түнкүсүн +3…+8 °C, күндүз +15…+20 °C;
  • Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +3…+8 °C, күндүз +15…+20 °C;
  • Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8 °C, күндүз +15…+20 °C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6 °C, күндүз +10…+15 °C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн −7…−2 °C, күндүз +8…+13 °C.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4 °C, күндүз +17…+19 °C болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 °C, күндүз +11…+13 °C болот.

Scroll to Top