Бишкекте унаа айдап качкан деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте унаа айдап качкан деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте унаа айдап качкан деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 11-декабрга караган түнү белгисиз адамдар Улан-2 кичирайонундагы аялдаманын жанынан Honda Fit унаасын айдап качып кеткен. Унаанын ээси милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча «автомототранспорт каражаттарын айдап качуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы А.А. кармалган.

Ошондой эле унаа ээсине кайтарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>