Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктады

19.10.2026 | 10:37
Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктады — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19-октябрь — Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы өз куттуктоосунда аталган кесиптин маанисине токтолуп, бул тармакта эмгектенүү адамга кам көрүүнү, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жогорку жоопкерчиликти талап кылган өзгөчө миссия экенин билдирди.

«Бул кесипти тандоо жөн гана кызматтык милдетти аткаруу эмес, адамгерчиликти, психологиялык туруктуулукту, өз ишине берилгендикти талап кылган жүрөк тандоосу. Сиздер улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ардагерлерге, балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга колдоо көрсөтүп, алардын жашоосуна үмүт жана ишеним тартуулап келесиздер. Сиздердин мээрим, өзгөчө чыдамкайлык менен коштолгон эмгегиңиздер алкышка татыктуу», — деди ал.

Ошондой эле Касымалиев мамлекет тарабынан калктын аярлуу катмарларын колдоо багытында көрүлүп жаткан чараларды белгилеп өттү. Анын айтымында, акыркы жылдары социалдык камсыздоо жана пенсиялык системаны өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу жана калктын аярлуу катмарларын колдоо боюнча көп аракеттер көрүлүүдө.

Мындан тышкары Адылбек Касымалиев эмгек мамилелеринде жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кесиптик бирликтердин орду өзгөчө экенин билдирди.

«Азыркы мезгилде экономиканын структурасы өзгөрүлүп, тейлөө кызматтарынын үлүшү кескин өсүп кеткенине, санариптештирүү баш болгон технологиялык процесстерге байланыштуу кесип бирликтеринин таасири күтүлгөндөн азыраак болгону менен алар коомдун өнүгүшүндө өзгөчө күч болуп кала берүүдө», — деп айтты ал.

Сөзүнүн соңунда Минкаб төрагасы тармактын өкүлдөрүнө жана ардагерлерине чың ден соолук жана иштерине ийгилик каалады.

Scroll to Top