Үй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталууда

КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Эльвира Сейтказиева, Гуля Акимбаева жана Винера Салямова үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдатууну, милицияга соттун чечимисиз эле укук бузуучулардан курал-жаракты алып коюуга уруксат берүүнү жана сексуалдык кылмыштарды иликтөө ыкмасын өзгөртүүнү сунуштап жатышат.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 14 миң 20 кайрылуу катталса, 2024-жылы — 18 миң 81, ал эми 2025-жылы — 23 миң 516га жеткен. Ошентип, эки жылдын ичинде алардын саны 67,7%га өскөн.
Мыйзам долбоорунун авторлору колдонуудагы чаралар жабырлануучуларды коргоого жана кайталанган зомбулуктун алдын алууга дайыма эле мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгилешет. Мисалы, кайрадан зомбулук жасоо коркунучу жогору болсо да, сот укук бузуучуну агрессивдүү жүрүм-турумду өзгөртүү программасына жөнөтпөй коюшу мүмкүн. Мындан тышкары, милиция соттун чечими жок укук бузуучудан куралды дароо алып коё албайт.
Спирт ичимдиктерин колдонууга өзгөчө көңүл бурулууда. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар таянган изилдөөгө ылайык, аялдарга карата зомбулук учурларынын 61,7%ы мас абалында жасалат.
Депутаттардын пикиринде, жабырлануучуларды зомбулук жасалгандан кийин гана эмес, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда да коргоо зарыл.
Төмөнкүлөр сунушталууда:
Физикалык күч колдонгондугу үчүн (эгер анын аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо) 7 суткадан 14 суткага чейин камакка алуу сунушталууда. Учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун түрүнө карабастан, 40 саат коомдук жумуштар же 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу каралган.
Психологиялык жана экономикалык зомбулук, коркутуу жана куугунтуктоо үчүн жаза мурдагыдай эле калат.
Милицияга куралды дароо алып коюуга уруксат берүү. ИИМ кызматкерлери соттун чечимин күтпөстөн, окуя болгон жерден куралды жана ок-дарыларды дароо алып коё алышат. Алып коюу мөөнөтү бир айга чейин болот. Соттун чечими менен аны үч айга чейин узартууга мүмкүн болот.
Укук бузуучуларга спирт ичимдиктерин жана баңгизаттарды колдонууга тыюу салуу. Сот үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жактарга мындай тыюуну убактылуу киргизе алат.
Укук бузуучуларды түзөтүү (коррекциялык) программаларынан өтүүгө милдеттендирүү. Эгерде адам үй-бүлөлүк зомбулукту кайталап жасаса жана жаңы учурлардын пайда болуу коркунучу жогору болсо, сот аны зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү программасына жөнөтүүгө милдеттүү болот. Учурда жаран бир жыл ичинде эки укук бузуу жасаса гана сот мындай программаны дайындай алат. Депутаттар бул убакыт чектөөсүн алып салууну сунуштап жатышат.
Жабырлануучуларды коргоону күчөтүү: Өмүргө коркунуч жаралса, кайталап зомбулук болсо, курал колдонулса же укук бузуу мас абалында жасалса, сот жабырлануучунун макулдугусуз эле тыюуларды жана чектөөлөрдү киргизе алат. Мисалы, укук бузуучуга белгилүү бир жерлерге жакындашууга же жабырлануучу менен байланышууга тыюу салынышы мүмкүн.
Кармоо мөөнөтүн 48 саатка чейин узартуу: Эгерде укук бузуучу башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, аны кармоо мөөнөтүн эки суткага чейин узартууга болот. Мында милиция прокурорго кабарлап, кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн 24 сааттын ичинде кармалган адамды сотко жеткирүүгө тийиш.
Каршылык көрсөтпөө макулдукту билдирбейт: Учурда мындай кылмыштарды иликтөөдө негизги көңүл физикалык күч колдонулганына, коркутуулар болгонуна жана жабырлануучу каршылык көрсөткөн-көрсөтпөгөнүнө бурулуп калышы мүмкүн. Бирок мыйзам долбоорунун авторлору белгилегендей, адам коркуудан, коркутуулардан, психологиялык кысымдан же зомбулук көрсөткөн адамдан көз каранды болгондуктан каршылык көрсөтпөй калышы ыктымал. Мыйзамда сексуалдык зомбулукту баалоодо ыктыярдуу макулдуктун жоктугу маанилүү экенин бекитүү сунушталууда. Мында каршылык көрсөтпөөнү макулдук катары кароого болбойт.
Жазык жоопкерчилиги жана балдарды коргоо: Депутаттар ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү 177-беренесин өзгөртүүнү сунушташууда. Үй-бүлөдө ден соолукка жеңил зыян келтиргендиги үчүн 40 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилөө демилгеленүүдө. Негиздеме-маалымкатта ошондой эле балдарга, кош бойлуу аялдарга жана алсыз абалдагы адамдарга карата зомбулук, кайталанган зомбулук, курал колдонуу жана өзгөчө мыкаачылык үчүн кыйла катаал жаза берүү зарылдыгы айтылат.
Дагы бир сунуш — убактылуу коргоо ордери берилүүчү жактардын курагын 18ден 16 жашка чейин түшүрүү. Зомбулуктан жабыркаган же аны жасаган жашы жете электерге карата берилген мындай ордерлер тууралуу маалымат балдарды коргоо органдарына, ИИМдин жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүп турат.
Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга коомдук алдын алуу борборлорун, маданият, жаштар саясаты жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарды, ошондой эле байланыш операторлорун тартуу каралууда.
Иштеп чыгуучулардын эсептөөлөрү боюнча, мыйзамдын кабыл алынышы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден кошумча чыгашаларды талап кылбайт.