Эксклюзив

КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти

25.10.2026 | 14:30
КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти — Новости Кыргызстана

Кыргызстан өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүп, улуттук коопсуздукту камсыздоо ыкмаларын кайра карап чыгышы зарыл. Мындай пикирин КР коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Аймактык коопсуздук тренддери — 2026: Эгемендиктин 35 жылында БАдагы кырдаал кандай өзгөрдү?» аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, колдонуудагы Улуттук коопсуздук концепциясы акырындап актуалдуулугун жоготуп жатат жана жаңы коркунучтарды эске алуу менен кайра карап чыгууга муктаж.

«Концепция — бул биздин коопсуздукту камсыздоо жаатындагы саясатыбызды аныктаган өтө маанилүү документ», — деп баса белгиледи ал.

Ошону менен бирге эксперт бүгүнкү күндө Кыргызстан аскердик коркунучтар менен терроризмге гана эмес, техногендик жана экологиялык кырсыктардын тобокелдиктерине да өзгөчө көңүл бурушу керек деп эсептейт.

Бишкек өзгөчө кырдаалдарга даярбы?

Бейшенов буга чейин жарандык коргонуу маселелерин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен жеке талкуулаганын айтты. Анын айтымында, ал борбор калаанын жер титирөөлөргө, ири аварияларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга даярдыгына кызыккан.

Тактап айтканда, эксперт имараттар кыйраганда жана калкты массалык түрдө эвакуациялоодо аракеттенүүгө даярдалган ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын бар-жогу тууралуу маселе көтөргөн.

Ал ошондой эле бомбадан калкалоочу жайлардын абалына тынчсыздануусун билдирди. Бейшеновдун айтымында, совет доорунда курулган коргонуу жайларынын көбү бүгүнкү күндө кампа катары колдонулат же таптакыр жабылып калган.

«Бишкекте Ташкент, Алматы же Москвадагыдай метро жок. Ал эми биздин баш калкалоочу жайларды кампага айландырып, жаап салышкан», — деди ал.

Коргоо министринин мурдагы орун басары көңүл бурган дагы бир көйгөй — өзгөчө кырдаалдар учуруна керектүү азык-түлүк жана башка ресурстардын корунун (НЗ) болушу.

Бейшенов жарандык коргонуу пландарын кагаз жүзүндө гана кармап туруу жетишсиз деп эсептейт. Кырсык болгон учурда тургундар кайда кайрылуу керектигин жана жардам штабдары кайсы жерде жайгашарын так билиши үчүн үзгүлтүксүз практикалык машыгууларды өткөрүп туруу зарыл.

Анын айтымында, бул маселелер Коопсуздук кеңешинин жана мэриянын деңгээлинде каралышы керек.

Бейшенов куткаруу кызматтарын жабдуу маселесине өзүнчө токтолду. Ал ири авариялар, табигый кырсыктар же коңшу мамлекеттерден качкындардын агымы пайда болушу мүмкүн болгон учурда тез арада жайылтууга боло турган көчмө ооруканаларды (госпиталдарды) алдын ала камсыздоо зарыл деп эсептейт.

Эксперт ошондой эле жер титирөөдөн кийин урандылардын астынан адамдарды издөөгө кинологиялык бөлүктөрдүн даярдыгы маселесин көтөрдү. Анын пикиринде, мындай иштерди натыйжалуу жүргүзүү үчүн кеминде 100 атайын үйрөтүлгөн ит болушу керек.

КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти — иллюстрация
Мындан тышкары, Бейшенов жолдорду урандылардан жана жабыркаган унаалардан тез тазалоого жөндөмдүү бульдозерлердин жана башка оор техникалардын болушу керектигине көңүл бурду. Ал өзгөчө кырдаалдарга даярдык документ жүзүндө гана эмес, практикада да текшерилиши керектигин баса белгиледи.

Миграция жана чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу

Башка тобокелдиктердин катарында Бейшенов эмгек мигранттарынын кайтып келишин жана анын пикиринде, чет элдик студенттер менен иш алып баруунун жетишсиздигин атады.

Ал Орусиядан Кыргызстанга 100 миңге жакын эмгек мигранты кайтып келгенин билдирип, аларды андан ары ишке орноштуруу жана кесиптик жактан даярдоо маселесин ортого салды.

Эксперт ошондой эле чет өлкөлүк студенттер, анын ичинде Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда жашагандар менен алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл деп эсептейт.

Анын айтымында, участкалык милиция кызматкерлери, студенттер, жергиликтүү тургундар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ортосунда туруктуу өз ара байланыштын жоктугу тиричиликтик жана улут аралык чыр-чатактарга шарт түзүшү мүмкүн.

Массалык иш-чаралардагы коопсуздук

Бейшенов ири спорттук жана концерттик аянтчалардагы коопсуздуктун уюштурулушуна да кабатыр экенин айтты. Мисал катары ал көп сандагы көрүүчүлөр катышкан иш-чаралар өтүп жаткан «Бишкек Арена» стадионун келтирди.

Эксперттин айтымында, мындай объектилерде видеокөзөмөлгө, имаратка кирүүнү көзөмөлдөөгө жана көрүүчүлөрдү текшерүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ал Шакиранын концертине жеке өзү барганын жана анын байкоосу боюнча, иш-чаранын аягында өткөрүү тартиби (пропускной режим) тийиштүү деңгээлде иштебей калганын айтып берди.

Бейшенов массалык иш-чаралардагы жетишсиз көзөмөл жарандардын коопсуздугу үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн деп эсептейт.

Терроризм коркунучу жана Ооганстандагы кырдаал

Аймактык коопсуздук жөнүндө сөз кылып жатып, коргоо министринин мурдагы орун басары Ооганстандагы кырдаалга жана террористтик топтордун кайра жандануу ыктымалдыгына токтолду.

Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун терроризм коркунучтары тууралуу билдирүүлөрүнө көңүл буруп, мындай билдирүүлөрдүн күчөшү атайын кызматтарда бар маалыматтарга байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Бейшеновдун баамында, Ооганстандагы туруксуздуктун уланышы, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана ички карама-каршылыктар Борбордук Азиянын коопсуздугуна таасир этиши ыктымал.

Эксперт ошондой эле кыргыз армиясынын куралдануусу боюнча да пикирин билдирди. Атап айтканда, ал Bayraktar учкучсуз учактарын сатып алуу жакшы кадам болгонун, бирок бул өзүнчө эле коргонуунун бардык маселелерин чече албасын белгиледи.

Анын пикиринде, заманбап технологиялардын өнүгүшү курал-жаракты дайыма жаңылап турууну жана коопсуздукту камсыздоо ыкмаларын кайра карап чыгууну талап кылат.

КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти — контекст события

Бишкек ЖЭБи өзгөчө кооптонууну жаратат

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Бейшенов аны эң көп тынчсыздандырган нерсе — техногендик жана экологиялык коркунучтар экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Мисал катары ал кыш мезгилинде Бишкек ЖЭБинде (ТЭЦ) болушу мүмкүн болгон аварияны келтирди.

Эксперт мурунку кырсыктардын кесепеттерин эске салып, борбор калааны электр жана жылуулук менен камсыз кылуунун резервдик булактарынын бар-жогу тууралуу маселе койду.

«Мени азыр баарынан мурда экологиялык жана техногендик кырсыктар кооптондурат. Эгер кышында Бишкек ЖЭБинде кандайдыр бир кырсык болуп кетсечи? Эсиңиздердеби, бир эле казан иштен чыкканда шаар кандай абалга келди эле? Бизде электр жана жылуулук менен камсыз кылуунун запастагы варианттары барбы? Алар тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес», — деди ал.

Бейшенов үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүп турууга, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын ала баалоого жана жарандык коргонуу маселелерин мамлекеттик программаларга киргизүүгө чакырды.

«Биз кыраакылыкты жоготтук, боштошуп кеттик. Баткендин сабактарын унуттук, 2010-жылдагы Ош окуяларын унуттук — ал кезде капысынан эле элементардык өрт өчүрүүчү унаалар жетишпей калганы ачыкка чыкпады беле», — деди эксперт.

Анын айтымында, коопсуздукту камсыздоо мүмкүн болгон аскердик кагылышууларга даярдыкты гана эмес, мамлекеттин калктын өмүрүнө түздөн-түз таасир этүүчү коркунучтарга өз убагында чара көрө алуу жөндөмүн да камтышы керек.

Анара Мамытова

Scroll to Top