«Торт» менен «ханбийкесиз»: КР колуктулары кайсы көйнөктү тандашат?

Күз мезгили — Кыргызстанда тойлордун күчөгөн маалы. Колуктулардын табити кантип өзгөрүүдө, бүгүнкү күндө кандай көйнөктөр модада жана жүздөгөн үлгүлөрдүн арасынан дал өзүңө ылайыктуусун кантип тапса болот? Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Бишкектеги W Salon үйлөнүү үлпөт салонунун негиздөөчүсү Айгерим Акматова айтып берди.
— Айгерим, сиздин салондо үлпөт көйнөктөрүнүн түрү абдан өзгөчө. Атүгүл эксклюзивдүү коллекциялардан да моделдер бар. Башка салондордо көп учурда бири-бирине окшош көйнөктөр кезигет. Сиздер көйнөктөрдү кайдан табасыздар жана тандоону кандай жүргүзөсүздөр?
— Кепти W Salon кандайча ачылганынан баштасам. Бир кезде мен да колукту болгом. Мындан он бир жыл мурун үлпөт көйнөгүн тандап жатканда, ар бир кыз сыяктуу эле мен да өзгөчө, башкалардыкына окшобогон бир нерсени кааладым. Бул жагынан мени ар бир колукту түшүнсө керек.
Мен салондорду кыдырып, ар кандай көйнөктөрдү кийип көрдүм, бирок эч нерсе жаккан жок. Ал кезде жолдошум экөөбүз бул бизнеске көз салып жүргөнбүз, ошондо мен: «Демек, убактысы келди, байкап көрүү керек» деп чечтим.
Биз өзүмө абдан жаккан эң биринчи көйнөктү алып келдик, андан соң бара-бара түрүн көбөйтө баштадык. Салонубуздун башкы идеясы да ушундан улам жаралган: ар бир колукту өзгөчөлөнүп турууну, кызыктуу, кайталангыс жана эсте калаарлык нерсени табууну каалайт. W Salon коллекцияларын дал ушул принциптин негизинде топтой баштадык.
Биз жолдошум экөөбүз бардык көргөзмөлөргө чогуу барып, көйнөктөрдү өзүбүз тандайбыз. Кызыгы, экөөбүздүн табитибиз эки башка: коллекциянын жарымын мен тандасам, экинчи жарымын жолдошум тандайт. Мына ушунун аркасында биздин коллекциялар өзгөчө жана ар түрдүү болот. Биз бир гана стиль менен чектелбестен, ар бир колуктунун табитин эске алууга аракет кылабыз.
11 жылдык иш тажрыйбабызда биз дээрлик бардык табитке жана ар кандай форматка ылайык көйнөк тандоону үйрөндүк. Бул чоң салттуу той, чакан үйлөнүү тою, жаратылыш койнундагы азем, эки кишилик той же жөн гана фотосессия болушу мүмкүн.

Ошондуктан биринчи таанышканда эле кыздан тою кайсы форматта өтөрүн сөзсүз сурайбыз. Ошондо бизге ага кандай көйнөк жарашарын, эмнеси жагып, кооз көрүнөрүн түшүнүү оңой болот.
Ушул жылдар аралыгында бизде канчалаган колуктулар болду! Алардын ар бирин эстейбиз жана жакшы көрөбүз.
— Акыркы беш-алты жылда Кыргызстанда үйлөнүү тойлору байкалаарлык өзгөрдү. Колуктулардын каалоолору кандайча өзгөрүп жатат? Мурда биздин рынок үчүн өтө адаттан тыш көрүнгөн, ал эми бүгүн суроо-талапка ээ болгон көйнөктөр кайсылар?
— Жалпысынан алганда, Кыргызстандын үлпөт салттары көпчүлүк өлкөлөрдөн айырмаланат. Биздин эл майрамдарды, өзгөчө тойлорду абдан жакшы көрөт. Бизде атүгүл: «Үй албасаң да, тоюңду сөзсүз өткөр» деген жазылбаган эреже бар эмеспи.
Ал эми үлпөт көйнөктөрү жөнүндө айтсам, өзүбүздү мактагым келбейт, бирок Кыргызстанга көп катмарлуу эмес, желбиребеген моделдерди алып келе баштаган алгачкылардын бири болдук.
Биз өзүбүз үйлөнгөн маалда көп катмарлуу «торт» сыяктуу желбиреген, ханбийкелердин чоң көйнөктөрү модада болчу. Алар салтанаттуу көрүнгөнү менен, анча ыңгайлуу эмес эле. Чынында ал кезде колуктунун ыңгайлуулугу жөнүндө ойлонгондор аз болчу.
Биз европалык стилдеги көйнөктөрдү: ачыгыраак, желбиребеген, кооз саймалары жана кыйыктары бар моделдерди алып келе баштадык. Өзгөчө нерсени каалаган кыздар акыры өздөрү издеген образдарды табышты.
Бара-бара колуктуларыбыздын табити өзгөрүп, заманбап силуэттерге кызыгуу күчөдү.
Азыр мода таптакыр башка. Кыздар көбүнчө же такыр эле желбиребеген түз көйнөктөрдү, же болбосо максимум А-силуэтин тандашат. Мындай моделдер дене мүчөгө кооз жарашып, салтанаттуу көрүнөт жана ошол эле учурда ыңгайлуу бойдон калат.
Бирок колуктуларыбыздын басымдуу бөлүгү баары бир «балык» (рыбка) фасонун жактырышат. Ал дене мүчөнү өзгөчө баса белгилеп, кадрда укмуш көрүнөт жана кийип жүрүүгө да абдан ыңгайлуу.

Албетте, кыздардын табитине Pinterest да чоң таасирин тийгизип жатат. Алар сүрөттөрдү көрүп, жаккан образдарды сактап алып, бизге келип көрсөтүшөт. Ал эми биз ар бир колуктунун дене түзүлүшүн жана каалоосун эске алуу менен өз коллекциябыздан окшош варианттарды тандап беребиз.
— Биздин маектештердин арасынан Pinterest тууралуу биринчи эле сиз айтып жаткан жоксуз. Мисалы, декораторлор колуктулар интернеттен сүрөт көтөрүп көп келерин, бирок мындай идеяларды Кыргызстанда ишке ашыруу оңой эмес экенин айтышат. Сиздерде да ушундай суроо-талаптар болобу?
— Биз үчүн бул көйгөй эмес. Эгер кыз өзүнө жаккан көйнөктү көрсөтсө, биз ага ошондой вариантты сунуштай алабыз. Адатта мындай көйнөктөр биздин коллекцияда мурдатан эле болот, анткени биз тренддерди алдын ала изилдеп, эмне модада болорун түшүнүп турабыз.
Бирок бул жерде бир маанилүү жагдай бар. Биз колукту сураган көйнөктү сөзсүз кийгизип көрөбүз, андан соң өзүбүздүн көз карашыбыз боюнча ага андан да жакшы жараша турган моделдерди сунуштайбыз.
Кээде кыз өзүнө так бир фасон гана керек экенине ишенип келип, жыйынтыгында таптакыр башка үлгүнү тандап кетет.
Сырттан караган көз караш да өтө маанилүү. Бирок акыркы чечимди ар дайым колукту өзү кабыл алат. Ишенип коюңуз, ал өзүнүн көйнөгүн тапканда, бул нерсе анын жайнаган көздөрүнөн дароо байкалат.
— Үлпөт салонуна келип, жүздөгөн ар башка көйнөктөрдү көргөндө, адам оңой эле адашып калышы мүмкүн. Күмөн саноолор пайда болот: кайсынысын тандасам, жарашабы, кийин өкүнүп калбаймынбы? Сиздер колуктуларга бул толкунданууну жеңүүгө жана дал өзүнө ылайыктуу көйнөктү табууга кантип жардам бересиздер?
— Биздин тажрыйбабыздан айтсам: эгер кыз биринчи жолу кийип көрүүгө келсе, биз ага сөзсүз түрдө ар кандай силуэттерди, түстөрдү жана кездемелерди сунуштайбыз. Бул анын жан дүйнөсүнө чынында эмне жакын экенин, кайсы көйнөктө өзүн сулуу жана ыңгайлуу сезерин түшүнүү үчүн керек.
Эгер биринчи кийип көргөндө дал ошол өзүнө керектүү көйнөктү таба албасак, экинчи жолугушууну белгилейбиз. Ал убакта биз кыздын каалоосун түшүнүп калабыз жана тандоону тактай алабыз.
Мисалы, эгер ага «балык» фасону жагары аныкталса, экинчи жолу дал ошол силуэттин ар кандай варианттарын сунуштайбыз. Бизде көйнөктөр абдан көп жана ар бири өзүнчө кооз. Бирок мен ар дайым: «Жүрөк менен, жан дүйнө менен тандоо керек» деп айтам.
Бир гана сүрөттөргө же айланадагылардын кеңешине таянуу туура эмес. Өзүңүздүн сезимдериңизди угушуңуз керек. Эгер көйнөктү кийгенде денеңиз дүркүрөп, күзгүгө карап, дал ушуну каалап жатканыңызды түшүнсөңүз — демек, тандоо туура болду.
Биз дайыма биринчи кезекте колуктунун өзүнүн эмоциясына карайбыз.

— Той, өзгөчө жаратылышта өткөн майрам — бул кооз сүрөттөр гана эмес, шаңдуу, кыймылдуу салтанат. Көйнөк чөптөн, шампандан же косметикадан кирдеп калышы мүмкүн. Ижарадан кийин көйнөктүн абалына канчалык катуу талап коёсуздар? Колуктулар эмнеге кабатырланышы керек, эмнеге кабатыр болбошу керек?
— Бизде колукту көйнөк кирдеп калабы, чөптүн үстүндө басса болобу же кокусунан бир нерсе төгүлүп кетеби деп таптакыр сарсанаа болбошу керек. Биздин оюбузча, той күнү кыз көйнөктү сактоону ойлоно бербей, майрамдан толук ырахат алышы керек.
Ошондуктан колуктуга болушунча ыңгайлуу болушу үчүн баарын алдын ала ойлонобуз. Мисалы, көйнөк басканга тоскоол болбосун деп, анын узун этегин (шлейфин) бекитип коюу мүмкүнчүлүгүн карайбыз, ошондо кыз ресторанга чейин тыкан, таза жетип алат.
Эгер той маалында көйнөк кайсы бир жеринен кирдеп калса, эч нерсе болбойт. Бул үчүн биз эч кандай кошумча акча албайбыз. Андан сырткары, бонус катары колуктуга кыскараак, жеңил жана ыңгайлуу экинчи көйнөк беребиз. Бул кеченин жүрүшүндө образды өзгөртүп, кенен бийлеп, ээн-эркин кыймылдап, өзүн ыңгайлуу сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Анткени той — колуктунун эсинде көйнөктү таза сактоо түйшүгү менен эмес, бактылуу көз ирмемдери менен калышы керек болгон майрам.
Reporter.kg редакциясынан: Кыргызстандык колуктулардын идеалдуу образ жөнүндөгү түшүнүгү сыяктуу эле, үлпөт модасы да өзгөрүүдө. Желбиреген «торт» жана «ханбийке» үлгүлөрүнүн ордун жөнөкөй жана ыңгайлуу силуэттер ээлөөдө. Бирок жаңы тенденцияларга карабастан, тандоонун башкы принциби өзгөрүүсүз калат: идеалдуу көйнөк — сөзсүз түрдө эң модалуу же эң кымбат көйнөк эмес, колукту өзүн табигый, сулуу жана эркин сезген көйнөк.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова