Өзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Ирандын элчиси Мохаммад Али Эскандарини чакырып, ага нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМи билдирди.
Нааразылык нотасында Ташкент чет өлкөлөрдөгү Ирандын бир нече дипломатиялык өкүлчүлүгү X социалдык тармагына жарыялаган билдирүүлөргө «чечкиндүү каршылыгын» билдирди. Өзбекстандын ТИМинин пикиринде, бул материалдарда Самарканддын тарыхый-маданий мурасы бир жактуу жана саясий максатта чечмеленген.
Өзбек тарап Самарканд, Бухара, Хива жана башка тарыхый шаарлардын мурасы көп кылымдык, көп катмарлуу тарыхый-маданий өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Министрликтин маалыматына караганда, Самарканддын келбети өзбек элинин көп кылымдык тарыхын, мамлекеттүүлүк салттарын жана маданий өнүгүүсүн чагылдырат.
ТИМ дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий ресурстарындагы материалдар «өз ара урматтоо жана ишеним» принциптерине ылайык келиши керектигин жана тарыхый-маданий маселелерди саясатташтырбоо зарылдыгын да белгиледи. Иран тарапка бул жарыяларды дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн баракчаларынан өчүрүү жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү сунушталды.
Министрликте Өзбекстан Иран менен өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген мамилелерди жогору баалай турганын билдиришти. Ошол эле учурда өлкөнүн мурасын бир жактуу чечмелөө маселеси боюнча принципиалдуу позициясын сактап каларын белгилешти.