Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Бишкек шаарында өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-майда К.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш У. аттуу жаран 13-майда саат 21:30дар чамасында Ч.Айтматов көчөсүнө жакын адам аз баскан жерге унаасын токтотуп, жашы жете элек кызына күч колдонуу менен ыдык көрсөткөнү жазылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 37 жаштагы Ш.У. аттуу адам кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киригизилген.

Ленин райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата СИЗО-1ге эки айлык мөөнөткө камоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Иликтөө уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>