Токмокто ок атуучу курал, граната катып койгон адам кармалды

Токмокто ок атуучу курал, граната катып койгон адам кармалды

Токмок шаарында катылган ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-июлда Токмок шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги имаратта мыйзамсыз курал сакталгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, Токмок ШИИБдин ыкчам иликтөө тобу менен биргеликте бул даректи текшерүүгө алышып, жардыруучу түзүлүштөгү заттар жана ок дарылар табылган.

Окуя болгон жерге Куралдуу күчтөрүнүн сапёрлору чакырылып, алардын жардамы менен, желим чаканы ачып кароо учурунда 4 даана РГД-5 үлгүсүндөгү граната, 2 даана Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана 7.62 калибириндеги 40 даана ок табылган.

Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы курал жарактарды мыйзамсыз сактап, жашырган адам аныкталып, 1971-жылы туулган У.У. аттуу жаран кармалган. Бул жаран көрсөтүлгөн куралдардан башка дагы Токмок шаарындагы жайгашкан автоунаа оңдоочу жайлардын бирине курал каткандыгын билдирип, өз ыктыяры менен ал имараттын ичинде катылган “Калашников” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын тетиктерин милиция кызматкерлерине тапшырып берген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө У.У. аттуу жарандан алынган жана өз ыктыяры менен берилген курал жарактарды, үйүнүн жанындагы арыктан таап алып катып койгондугун билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш иши козголуп, 1971-жылы туулган У.У. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Токмок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>