Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Бишкекте кыргыз-кытай чек ара режими жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып жатат
09.06.2026 | 09:45

КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, кечээ, 2026-жылдын 8-июнунда, Бишкекте Кыргызстан менен КЭРдин ортосунда Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөр башталды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр 2026-жылдын 8-июнунан 11-июнуна чейин эки өлкөнүн кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.
Документтин долбоору мамлекеттик чек араны күтүү, аны кесип өтүү, чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана мал-жандыктарды алып өтүү, чек арада чарбалык жана башка ишмердүүлүктү жүргүзүү эрежелерин, ошондой эле аталган эрежелерди бузууга байланыштуу чек ара инциденттерин жөнгө салуу тартибин аныктайт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чек ара режимин сактоо жана эки мамлекеттин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү маселелеринде кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, узундугу 1 миң километрден ашкан кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы эл аралык-укуктук жактан толугу менен таризделген. Делимитация жана демаркация процесстери аяктап, мамлекеттик чек ара сызыгы жеринде чек ара белгилери менен белгиленген.