«Мелдешке эң коркунучтуу атаандашка каршы чыккандай эле чыга берем» — Дмитрий БиволБишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды — электр энергиясы качан берилет?РКӨФ Оштогу жаңы төрт жылдыздуу мейманканага 1,8 млн доллар инвестиция салатКөңүл бургула! 1-июндан тарта ЖКЭ бузууларды жаңы көчмө аппараттар (треногалар) каттай баштайтКыргызстандын патологоанатомдору жана онкологдору үчүн жаңы микроскоптор сатып алындыКытайлык инвесторлор Кыргызстандагы геологиялык чалгындоо долбоорлорун изилдешүүдө
Бишкекте жаран 8,7 млн сомдук маңзат менен кармалды
29.11.2024 | 18:00
Бишкекте жаран 8,7 млн сомдук маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү – 29 жаштагы жаран С.А.Д. Кармоо учурунда ал качууга аракет кылып, бирок колго түшүрүлгөн.
Шектүүнүн унаасынан “спайс” психотроптук заты табылып алынган. Анын баасы 8 млн 750 миң сомго жетет.
Кармалган жигитке 282-берене (сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом