Көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» чейин бекер шаттлдар: жүрүү тартиби жана 21 каттам түйүнү

2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш күнү Бишкек мэриясы көрүүчүлөр үчүн иш-чара өтүүчү жайга — «Бишкек Арена» комплексине чейин акысыз трансфер уюштурат. Шаттл-автобустар менен ачылыш аземине кирүү билети же расмий чакыруу кагазы бар бардык жарандар акысыз пайдалана алышат.
Атайын автобустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин каттайт. Шаардыктарга эскертүү: адамдарды чогултуу пункттарынан акыркы каттам так саат 16:00дө жөнөйт. Салтанаттуу программа аяктагандан кийин шаттлдар көрүүчүлөрдү ошол эле багыттар боюнча кайра жеткирип берет.
Шаттл-автобустар жөнөй турган 21 каттам түйүнүнүн толук тизмеси:
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси жана Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстром);
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7 («Асанбай» кичи району);
- «Ак-Кула» автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1);
- Ауэзов көчөсү, 4 («Аламүдүн-1» кичи району);
- «Тунгуч» кичи районундагы акыркы аялдама, 64/1;
- Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
- Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши («Көк-Жар» конушу);
- Алтымышев көчөсү, 98/1;
- Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 («Глобус» гипермаркети);
- Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
- Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
- Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
- Чүй проспектиси, 52 (мурдагы Шабдан Баатыр көчөсү / 2-депо);
- Москва көчөсү, 239 (№4 электробустун акыркы аялдамасы / 1-депо);
- Чүй проспектиси, 209 (мурдагы Дэн Сяопин проспектиси);
- Тимур Фрунзе көчөсү (Дыйканчылык институту);
- Ала-Тоо көчөсү, 115 («Ала-Тоо» конушу);
- Карыбек Тыналиев көчөсү, 16.
Борбор калаанын мэриясы көрүүчүлөрдү кезек күтүүсүз аренага өз убагында жетип, азем башталганга чейин орундарын ээлеп алуу үчүн тандалган аялдамаларга алдын ала келүүнү өтүнөт.