Никол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураак

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эгер өлкөнү Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди. Анын сөздөрүн ЖМКлар жазып чыкты.
«Эгерде уюм Армения Республикасын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунан чыгарууну чечсе, мен абдан ыраазы болом. Жок дегенде бул бизди уюмдан чыгуу же чыкпоо дилеммасынан (эки анжы абалдан) арылтат», — деди Пашинян.
Ал кошумчалагандай, Еревандын жакынкы беш жылда ЖККУга толук кандуу катышууга кайтып баруу жана уюмдагы ишин активдештирүү боюнча планы жок.
Пашиняндын айтымында, Армения сырткы жардамсыз эле өз коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү болушу керек. Бул үчүн, анын пикиринде, өлкөгө күжүрмөн армия жана «легитимдүүлүккө, өз ара жоопкерчиликке, узак мөөнөттүү алдын ала болжолдоого негизделген тынчтык» зарыл.
Эскерте кетсек, 10-июнда Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери мүчөлүк төгүмдөр (взнос) боюнча карызына байланыштуу Арменияны уюмдан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгарын билдирген. Анын айтымында, Ереван эки жылдан ашык убакыттан бери мүчөлүк төгүмдөрдү төлөбөй келет.
Кремлдин реакциясы
Пашиняндын билдирүүсүнө Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп кайтарды. Ал белгилегендей, эгерде Армения «аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындай маанилүү уюмга» мүчө болууну зарыл деп эсептебесе, анда ЖККУдан чыгууга укуктуу.
«Буга чейин биз армян тараптын өкүлдөрүнүн ар кандай деңгээлдеги билдирүүлөрүн угуп келдик, алар мүчөлүк тоңдурулганын, бирок Армения уюмдан чыгууну пландабай жатканын айтып келишкен», — деди Песков.
ЖККУда эмне дешет
15-августта ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков уюмга мүчө мамлекеттер Арменияны мурдагыдай эле союздаш деп эсептей турганын билдирди.
«Армения башынан эле активдүү жана гармониялуу мүчө-мамлекет болуп, жамааттык дараметти (потенциалды) бекемдөөгө татыктуу салым кошуп келген, ошондуктан ЖККУга мүчө мамлекеттер бул өлкөнү мурдагыдай эле уюм боюнча союздаш катары карашат», — деп белгиледи ал.
Масадыковдун айтымында, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилигинин өкүлдөрү Армениянын биргелешкен ишке толук кандуу катышуусун кайра жандандырууга тиешелүү бардык маселелерди Ереван менен талкуулоого даяр экенин бир нече жолу ырасташкан.
Августтун башында Орусиянын ЖККУдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев дагы уюмдун органдарында Арменияны добуш берүү укугунан ажыратуу үчүн консенсус (бирдиктүү пикир) талап кылынарын билдирген.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы 11-ноябрда Москвада өтөт. Васильевдин айтымында, өлкө лидерлери Армениянын айланасындагы кырдаалды талкуулашы ыктымал.
Эмне үчүн Арменияны чыгаруу маселеси жаралды
Армения 2024-жылы ЖККУга катышуусун тоңдурган.
ЖККУнун Уставынын 20-беренесине ылайык, эгерде мүчө мамлекет эки жылдын ичинде уюмдун бюджетинин алдындагы карызын төлөбөсө, Жамааттык коопсуздук кеңеши анын өз жарандарын квоталык кызматтарга көрсөтүү укугун токтото туруу, ошондой эле карыз толук төлөнмөйүнчө ЖККУнун органдарында добуш берүү укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Мындан тышкары, эгерде мүчө мамлекет Уставдын жоболорун жана ЖККУ органдарынын чечимдерин аткарбаса, Жамааттык коопсуздук кеңеши анын уюмдун органдарынын ишмердүүлүгүнө катышуусун токтотуп же ЖККУдан чыгара алат.
Бул маселелер боюнча чечимдер кайсы мамлекетке карата каралып жатса, ошол мамлекеттин добушун эсепке албастан кабыл алынат.
Анара Мамытова
Эгерде уюм Армения Республикасын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгарууну чечсе, мен абдан ыраазы болом.

Армениянын премьер-министри